Жалал-Абадда шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча төрт маалымат түштү

Бишкектеги шайлооканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.

Жалал-Абад облусунда 11-апрелде өтүп жаткан шайлоодо үгүт иштери жана добуш сатып алуу боюнча милицияга төрт маалымат түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматынын башчысы Нурдинбек Жээнтаев маалымдады.

"Саат 18:00го карата Жалал-Абад облусунун аймагында шайлоону өткөрүү, үгүт иштерине байланыштуу - 3, добуш сатып алуу боюнча – 1 маалымат келип түшкөн. Бардык учур боюнча текшерүү жүрүп, натыйжада маалыматтар такталган жок", - деди Жээнтаев.

Бүгүн, 11-апрелде Жалал-Абад облусунда 247 айылдык, 7 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Облус боюнча жергиликтүү кеңештердеги 1352 депутаттык мандатка 3609 талапкер ат салышууда. Аймакта жалпы 452 шайлоо тилкеси иштеп жатат.

Жалал-Абад облусунда 672 миң адам шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту миңге чукул милиция кызматкери камсыздап жатат.

Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдум өтүп жатат.(TB/ZKo)

Дагы караңыз

Футболчулар зомбулукка каршы мелдеш уюштурдуЧүйдө дайынсыз болуп жаткан аял табылдыБШКга мыйзам бузуулар боюнча 43 кайрылуу түштүМелис Мырзакматов шайлоо боюнча президентке кайрылды"Реформа" көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылдыЭрназар Акматалиев Токио Олимпиадасына жолдомо алды Саат 16:00гө карата 800 миңден ашуун шайлоочу добуш бердиБритан министри Орусияны Украинадагы абалды курчутпоого чакырды