Ош ШИИБ: 24 жаштагы Айдананы издөө иштери уланууда

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясына байланыштуу митингдеги плакат. Ош шаары. 8-апрель, 2021-жыл.

Быйыл 17-мартта 24 жаштагы Айдана Таирбек кызы дайынсыз болуп жатканын кыздын бир тууган агасы милицияга кабарлаган.

Кыз 10-мартта Ош шаарындагы Ош көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Апсаттар Тавакалов "Азаттыкка" билдиргендей, издөө иштери учурунда кыз Бишкекте жүргөнү аныкталган.

"Бишкектеги Кулиев көчөсүндө бир үйдө жашап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Бирок милиция кызматкерлери барган учурда ал үйдөн чыгып кеткени аныкталган. Азырынча так орду аныктала элек. Издөө иштери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы менен чогуу жүрүп жатат".

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 8-апрелде Жогорку Кеңеште маалымдаганы боюнча, жыл башынан бери жалпы "Адам уурдоо" беренеси боюнча 89 факты катталган.

Анын ичинен 15 адамдын иши өндүрүштө, калган 74 иш кыскартылган. Мындан тышкары 1-январдан бери "Мажбурлап никеге тургузуу" беренеси менен 59 факты катталса, анын 51и кыскартылган. Министр иштердин өндүрүштөн кыскартылышына тараптардын ич ара келишип алуусу себеп болгонун билдирген. (ZKo)

Дагы караңыз

Аба ырайы: күн ачык болотУКМК Равшан Жээнбековдун судья карындашын айыптады COVID-19: Бразилияда оорудан көз жумгандардын антирекорду катталды ИИМге шайлоо мыйзамдарынын бузулушу тууралуу 188 кайрылуу түштү Эмомали Рахмон Ворухту алмашуу ыктымалдыгын четке какты Норвегиянын премьер-министри эреже бузганы үчүн айыпка жыгылдыБаш мыйзам: шайлоо алдындагы үмүт жана сынБУУ ала качуу окуяларын дыкат иликтөөгө чакырдыАйзаданын окуясы: машине талаада бир топ убакыт токтоп турган Кармышаков: Маянаны көтөрүүгө каражат табылды