Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

ИИМге шайлоо мыйзамдарынын бузулушу тууралуу 188 кайрылуу түштү


Кыргызстандын президентин шайлоо. Бишкек шаары. 10-январь, 2021-жыл.
Кыргызстандын президентин шайлоо. Бишкек шаары. 10-январь, 2021-жыл.

Ички иштер министрлигине (ИИИ) 11-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого үгүт учурунда мыйзам бузуу жөнүндо 188 кайрылуу түшкөн. Анын ичинен 31и - добуштарды сатып алуу аракети, калгандары административдик басымга байланыштуу дооматтар. Бул тууралуу ИИМдин тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов бүгүн, 9-апрелде "Таза шайлоо үчүн" деп аталган конференцияда билдирди. Анын маалыматына караганда, төрт арыз сотко өттү.

"Ошто жана Токмокто добуш сатып алууга аракеттер жана административдик басым болуп жатканы тууралуу маалыматтар көп болуп жаткандыктан, биз бул шаарларга атайын кызматкерлерди койдук. Мисалы, Бишкектеги жаңы конуштун көчөсүнө шагыл төккөн Камаздардын иштери иликтенип жатат".

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө үч талапкерди жарыштан четтеткен, андан сырткары 18 партияга эскертүү берген.

Кыргызстанда 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG