AstraZeneca вакцинасын балдар арасында сыноону токтотту

Иллюстрациялык сүрөт

AstraZeneca өз вакцинасын жашы жете элек балдар арасында сыноону убактылуу токтотконун жарыялады. Ал тапта Британия, Европа жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тиешелүү мекемелери бул вакцина жөнүндө акыркы маалыматтарды, препараттын тромбоздун сейрек фомасы менен ыктымал байланышын текшерип жатышат.

Европанын медицина агенттиги (EMA) 6-апрелде билдиргенине караганда, ал вакцина тромбдун пайда болушуна (кандын уюп, кан тамырларын тосуп калышына) алып келери аныктала элек. Агенттик жуманын аягында пресс-конференция өткөргөнү жатат.

AstraZeneca вакцинасын ойлоп табууга көмөктөшкөн Оксфорд университети балдар арасында сыноону убактылуу токотууну чечкенин 6-апрелде билдирди. Ошол эле маалда университет сыноо учурунда кооптонуу жараткан жагдайлар болбогонун белгиледи.

Балдар жана өспүрүмдөр арасындагы сыноонун биринчи жана экинчи фазалары Британияда 13-февралда башталып, ага 300 киши катышмак. Өткөн айда кеминде 30 кишиде эмдөөдөн кийин тромбдун пайда болгону аныкталгандан кийин бир нече өлкө AstraZeneca вакцинасын чоңдор арасында убактылуу колдонбой калышкан. Ошондо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңешчи тобу препаратты чоңдорго сайууну уланта берүүнү сунуштаган.

Британия эмдөө жагынан дүйнөдө биринчи орунда турат. Ушу тапта вакцинанын жок дегенде бир дозасын калкынын жарымы алды.

Падышалыктан айырмаланып Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө бул өнөктүк өтө жай жүрүүдө. Натыйжада вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн кайрадан карантин киргизип же чектөө чараларын күчөтүүгө аргасыз болууда.

Сербиянын президенти Александр Вучич эмделүүдө.

Европалык өлкөлөр арасынан биринчи болуп кытайлык Sinopharm препараты менен жапырт эмдөө баштаган Сербиянын президенти Александр Вучич шейшембиде вакцинанын биринчи дозасын сайдырды.

Сербияда 7 миллион калктын 20 пайызы толук эмделди. Кытайдын вакцинасынан тышкары өлкө Pfizer, AstraZeneca жана Sputnik V алганы жатат.

Кошмо Штаттарда бир күндө 3 миллиондой кишиге вакцина сайылууда. Шейшембиде президент Жо Байден эки жуманын ичинде чоң адамдардын бардыгы эмделүү укугуна ээ болушарын билдирди. Атап айтканда, жарандардын жашына, өнөкөт ооруларына же башка себептерге карап киргизилген чектөөлөр алынып салат. Бирок каалагандардын бардыгы дароо эмделет дегенге жатпайт, себеби вакцина менен камсыз кылууда дагы деле кыйынчылыктар кала берүүдө.

Президент АКШда вирус менен эмдөө ортосунда “өмүр менен өлүмдүн” жарышы уланууда деп эскертти.

Ошол эле күнү Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом вакцинация ушул ыргагы менен улана берсе, штат 15-июнга барып толук ачыларын билдирди.

Бразилия, январь 20221-жыл

Кошмо Штаттардан позитивдүү жаңылыктар келип жаткан чакта Бразилия бийлиги 6-апрелде коронавирус 4 195 кишинин өмүрүн алып кеткенин маалымдады. Пандемия башталгандан бери бир күндө мынча көп киши коронавирустан өлгөн эмес.

Инфекциялангандар көбөйгөндүктөн Индиянын Дели жана Мумбаи шаарларында шейшембиден тартып түнкүсүн коменданттык саат киргизилди. Түркияда 6-апрелде вирусту жуктуруп алган мурда болуп көрбөгөндөй сандагы 49 584 киши катталды.