Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 дагы үч бейтаптын өмүрүн кыйды. Анын экөө Бишкекте, бири Чүй облусундагы ооруканада жаткан.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 7-апрелде билдиргендей, бир суткада вирус 161 кишиден жаңы аныкталды.
Акыркы күндөрдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда. Оору жугузуп алгандар негизинен Бишкек менен Чүйдө көп катталып жатат.
Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1512 кишиге жетти.
Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 89 438 кишини түздү. Анын 85 496 айыкты. Акыркы бир суткада 108 бейтап сакайып чыкканы кабарланды.
Расмий маалыматка караганда, учурда 690 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Үй шартында дарылангандар 623 киши. (NT)
Дагы караңыз
"Кыйноо иштерин тергөө тосмо арыз менен токтобошу керек"Бишкекте уурдалган кыз табыла элек ИИМ юристтердин сынын четке какты Карашев "Бажыда коррупция жок" деди. Депутат ага ишенген жокСадыр Жапаров: Апрель ыңкылабы демократияга жол ачкан