Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф 5-апрель түнү Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрилигин басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдирди.
Ага ылайык, Зариф Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен 6-апрелде жолугат. ТИМ Ирандын тышкы иштер министринин Кыргызстандагы сапары жөнүндө толук маалымат кийинчерек берилерин кошумчалады.
"Eurasia Today" агенттиги Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф президент Садыр Жапаров менен жолугуп, стратегиялык маанилүү маселелерди, аймактык жана эл аралык иштер боюнча пикир алмашарын жазды.
Иран тышкы иштер министринин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү сапары 8-апрелде аяктайт. (TSh)
Дагы караңыз
“Азаттыктын” кабарчылары социалдык сынакта биринчи орунду алыштыЧүйдө милиция "Йакын инкар" агымын колдогондордун үйүн тинттиШаардык сот Тилекмат Кудайберген уулун абакта калтырды Чек ара: Чечмедеги соңку чырды эки тарап талкуулайтЖалал-Абадда 7-апрель окуясы эскерилдиБыйыл коронавируска каршы күрөшкө эки миллиард сом каралдыЖол эрежесиндеги эки берененин айып пулу азайтылат (түшүндүрмө)