Чүй облусттук ички иштер башкармалыгы “экстремист” деп аталган рейд өткөрдү. Анын алкагында “Йакын инкар” агымын колдогондордун үйлөрү тинтүүгө алынып, экстремисттик мазмундагы материалдар алынганын кабарлады.
Мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, буга чейин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 315-беренеси (“Экстреми материалдарды даярдоо, таратуу”) менен катталган иштин негизинде 3-апрелде Чүйдүн Москва районундагы 12 дарек тинтүүгө алынган. “Йакын-Инкар” агымын колдогон 18 кишинин үйүнөн жалпы 300дөн ашык китеп, 35 дептер, 65 баракча, ноутбук, телефондор жана башка буюмдар табылган. Алынган материалдарга экспертиза дайындалып, тергөө башталды.
“Йакын инкар” диний агымы - "Таблиги жамаат" уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн "пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз" деп эсептешет. Бул диний агым 2017-жылы экстремисттик деп табылган. Буга чейин бул топко мүчө болгондор балдарынын мектепке барышына, алардын телевизор көрүшүнө тыюу салган окуялар катталган.(TSh)
Дагы караңыз
Шаардык сот Тилекмат Кудайберген уулун абакта калтырды Чек ара: Чечмедеги соңку чырды эки тарап талкуулайтЖалал-Абадда 7-апрель окуясы эскерилдиБыйыл коронавируска каршы күрөшкө эки миллиард сом каралдыЖол эрежесиндеги эки берененин айып пулу азайтылат (түшүндүрмө)Парламентте кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралат