Жол эрежесиндеги эки берененин айып пулу азайтылат (түшүндүрмө)

«Коопсуз шаар» долбоорунун Бишкек шаарындагы камералары.

Кыргыз өкмөтүнүн жол эрежесин бузгандардын айып пулун азайтуу демилгесине ылайык Бузуулар кодексинедеги эки берененин айып пулу азайтылат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкек шаардык жол көзөмөл башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.

123 – берененин (“Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу”) 1-бөлүмү (“Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусу”).

1231-берененин (“Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу”) 1-бөлүмү ("Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо").

Учурда бул эки беренени бузган айдоочуга 1000 сомго чейин айып пул салынат. Эгер айдоочу айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө акчанын өлчөмү 50% арзандайт. Ал эми өкмөт демилгеси боюнча айып пулдун суммасы өзгөрбөйт, бирок 15 күндүн ичинде төлөсө 70% арзандатуу каралган.

3-апрелде премьер-министр Улукбек Марипов Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кризиске байланыштуу өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарга карата айып пулду төмөндөтүүнү пландап жатканын билдирген.

“Коопсуз шаар” долбоорунун негизинде коюлган камераларга 2019-жылдын 4-мартынан 2021-жылдын 26-мартына чейин 2 миллион 239 миңден ашуун жол эрежесин бузган учурлар катталган. Айдоочулар айып пул эрежеси киргенден тартып мамлекеттик бюджетке жалпысынан 1 млрд. 575 млн. сомдон ашык акча төлөшкөн. «Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган. (TSh)

Дагы караңыз

Бишкек: Аймактык шайлоо комиссиясы эки партияга эскертүү берди«Жалпы иш»: Шайлоочулардын көбү админресурс колдонулат деп эсептейтПарламентте кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралатШайлоого байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттүБишкекте жылуулук берүү токтотулдуПутин президенттик мөөнөттөрүн «жокко чыгаруу» тууралуу мыйзамга кол койдуБелгилүү офтальмолог Михаил Медведев коронавирустан каза болдуСултанбеков менен Сагымбаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү