Бишкек шаарына борбордук системадан жылуулук берүү бүгүн - 6-апрелде токтотулду. Тиешелүү буйрукка Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов 5-апрелде кол койгон.
Ал эми район башчыларына жылуулук сезонунун аяктоосуна байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Эреже боюнча жылуулук беш сутка бою катары менен тыштагы абанын температурасы +8 градустан жогору болуп турса токтойт. (BTo)
Дагы караңыз
Отту сүйгөн Жолон акынОлимпиадага жол: "Алтын кыз" ДарьяСот реформасы кайрадан козголду Чек ара: «Ак Жол» бекети толук ачылдыТүркмөнстан: Президентти "кет" деген баракчалар тарады