«Жалпы иш»: Шайлоочулардын көбү админресурс колдонулат деп эсептейт

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо. (Иллюстрациялык сүрөт).

«Жалпы иш» коомдук фонду жүргүзгөн сурамжылоого катышкан жашы 18ден жогору 1200 адамдын 73% жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө маалыматы бар.

Респонденттердин 61% шайлоо учурунда административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууну кадимки тажрыйба экенин айтышкан. Ал эми 20% буга макул эмес. 22% айрым партиялар административдик ресурсту колдонбосо жеңишке жетпейт деп эсептешет.

Сурамжылоого катышкандардын 27% «шайлоодо добуш сатып алууга болбойт» деп жооп берсе, 20% тескерисинче добуштарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогору деп ойлошот.

Ошондой эле респонденттердин 40% партиялардын программасына карап добуш берерин билдирсе, 13% талапкердин тизмесине, 11% саясий партиянын аброюна карап добуш берерин айткан.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. (BTo)

Дагы караңыз

Парламентте кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралатБишкекте жылуулук берүү токтотулдуБелгилүү офтальмолог Михаил Медведев коронавирустан каза болдуНавальный абакта чогуу отургандардан кургак учук чыкканын билдирдиЛивиядан чет элдик жалданма жоочуларды чыгарууга чакырык ташталдыОшто «Ишеним» партиясы алдамчылыкка шектелген талапкерин тизмеден чыгарды«Азаттыктын» кабарчысы Жангазиев Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаты болдуФарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү узартылды«Бешинчи каналдын» кызматкерлери айлыкка байланыштуу эки башка маалымат таратышты Нарында блогер Кокуловду колдогон акция өттү