Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кайгуул кызматы Ысык-Көл облусунан Бишкекке кыз ала качып келген деген шек менен 22 жаштагы жаран кармалганын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, 2-апрелде түндө Бишкек милициясына ала качуу жөнүндө маалымат түшкөн.
Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда 25 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Анда чала таанышы ала качып келгенин, никеге турууга мажбурлап жактанын айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.
Кылмышка шектүү кармалып, бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды жана тергеп-иликтөө башталды.
Кыргызстандын Жазык кодексинин 175-беренесине ылайык, кыз ала качуу оор кылмыштардын катарына кирет.
2019-жылы кабыл алынган Жазык кодексинин бул беренесинде Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кызды күч менен ала качкан адам беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар эркинен ажыратылгандан тышкары 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат. (TSh)
Дагы караңыз
Алайда мал кайтарып жүрүп дайынсыз кеткен бала табыла элекНекролог: Жаркын Суран кызы адам укугуна адистешкен журналист элеCOVID-19: оорунун үчүнчү толкуну май-июнда башталышы мүмкүнКоронавирус дагы 139 кишиден аныкталып, бир адам каза болду