Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:51

Некролог: Жаркын Суран кызы адам укугуна адистешкен журналист эле


Жаркын Суран кызы
Жаркын Суран кызы

Жаркын Суран кызы аймактагы элдин социалдык турмушуна, аялдардын укуктарына байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан журналист катары таанымал болгон. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов баштаган жетекчилердин жана кесиптештеринин атынан жарыяланган көңүл айтуу катында белгиленди.

«Чыгаан журналист жана жазуучу Жаркын Суран кызынын жаркын элеси элибиздин эсинде бекем сакталат. Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз».

Некрологдо кыргыз маданияты жана журналистика тармагы оор жоготууга учураганы айтылды.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист жана жазуучу Суран кызы 3-апрелде 66 жаш курагында узакка созулган оорудан дүйнө салды.

Суран кызы 1955-жылы 20-майда Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу Тоо-Дыйкан айылында төрөлгөн. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (мурдагы КМУ) кыргыз филологиясы факультетинде журналистика адистиги боюнча билим алган. Журналисттик эмгек жолун Өзгөн райондук “Өзгөн нуру” гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштап, редакторлукка чейин жеткен. 1990-жылдардан баштап“Азаттык” радиосунда эмгектенип, адам укугу багытында адистешкен журналист катары калыптанган.

Журналист залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана "Азаттыктын" ардагери Азамат Алтай менен маектери сыяктуу "Азаттык" обого чыгарган көөнөргүс маалыматтары эл эсинде калды. Жаркын Суран кызы "Зындан" аттуу гезит чыгарып, анда бейкүнөө соттолгондордун, өлүм жазасына тартылгандардын укуктарына байланышкан маалыматтарды, талдоолорду, инсандык бейнелерди жана маектерди басып чыгарып турган. 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу тарыхий эскерүүлөрдү жазган. "Жаныбек казы", "Ай ыйлаган түн" чыгармалары окурмандардын арзуусуна ээ болгон.

2010-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы ыйгарылган. 2013-жылы "Азамат Алтай" эл аралык коомдук фондунун сыйлыгын алган. (TSh)

XS
SM
MD
LG