Бишкек быйылкы жылдын алгачкы веложүрүшүнө камданууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 4-апрель, жекшемби күнү айрым негизги автожолдор убактылуу жабылат.

Мэриянын маалыматына караганда, бул күнү быйылкы жылдын алгачкы веложүрүшү уюштурулат.

10 чакырымдык жүрүш Ден соолук паркынан башталып, Ч.Айтматов, А.Масалиев, А.Токомбаев, Н.Жетикашкаев жана А.Токтоналиев көчөлөрү аркылуу уланат жана кайра ошол эле жерден жыйынтыкталат.

Велосипедчен жүрүшкө чыккандардын коопсуздугун эки “Тез жардам” бригадасы жана жол коопсуздугу боюнча кызматкерлер камсыз кылышат.

Былтыр 27-сентябрда коронавируска байланыштуу кырдаал начарлап жаткандыктан Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата пландалган веложүрүш өтпөй калган. (RK)

Дагы караңыз

БШК Аманкулов менен Бакировдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтоттуЖумалиевдин камактагы мөөнөтү узарды«Коопсуздук-2021» биргелешкен машыгуусунун биринчи этабы башталды Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш түздү