Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

БШК Аманкулов менен Бакировдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту


Парламентке КСДП партиясы менен шайланган Марат Аманкулов депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну суранып Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазган.

Анын арызын 1-апрелдеги жыйынга катышкан БШКнын сегиз мүчөсү канааттандырды. Аманкуловдун бош калган мандаты Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаевге тийди.

Ал эми “Өнүгүү-Прогесс” саясий партиясынынан депутат болгон, мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров башка кызматка өткөндүктөн депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду. Анын ордун Мейкинбек Абдалиев ээледи.

Мирлан Бакиров 30-мартта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалган. Ал 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесин жетектеген.

Жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыркы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясын жетектеп барган Марат Аманкуловго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “мыйзамсыз баюу” фактысы менен 19-мартта иш козгогон.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы маалымат жыйынында Аманкулов козголгон кылмыш ишинин алкагында келтирген зыяндын бир бөлүгүн төлөп бергенин айткан. (MiK)

XS
SM
MD
LG