Казакстандык шоопурлар Кытайдан жүк өткөрүү тартибине нааразы

Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдан Казакстанга товар ташыган жүк ташуучу фуралардын жүздөгөн айдоочулары 30-мартта Хоргостогу “Нур-Жолы” чек ара-бажы өткөрмө бекетинин алдына чогулушту. Айдоочулар анда аталган бажыканадан өткөрүүнүн тартиби жана бажы көзөмөлүн жүргүзүүдө жүк ташуучу компанияларга тандалма мамиле бар экенин айтышты.

Анткени алардын айтымында, Eurotransit компаниясынын жүк ташуучу унаалары Казакстан менен Кытайдын чек арасынан кезексиз өткөрүлөт, башка фирмалардын машинелери тескерисинче, бажы көзөмөлүнөн өтүп жатканда чоң тоскоолдуктарга учурайт.

Айдоочулар бул компанияга таандык автожүк ташуучу унаалардан башка машинелер бажы көзөмөлүнөн өтүү үчүн чек аранын эки тарабында бир нече күндөп кезекке турууга аргасыз болуп жатканын белгилешти.

Жеке ишкер Бахытжан Мухаммеджанов казак бажысы муну Кытай тараптын талабы менен байланыштырганы жалган дейт:

“Ал жактан Eurotransit компаниясын гана тандап алды. Мына ошол компания гана иштейт” деген сөздөрдүн бардыгы жалган. Себеби биз бул маселе боюнча мурун биз иштешкен Кытайдын компаниялары менен күнүгө сүйлөшөбүз. Кытай тараптан Казакстандын Eurotransit компаниясы гана кирсин деген чектөө болгон эмес экен. Андай мыйзам дагы жок. Ошондо бул Eurotransit деген компания кимдики? Биз токолдун баласы, ал эми Eurotransit компаниясы байбиченин баласыбы? Мында эмне болуп жатат?”

Нааразылык акциясына чыккан айдоочулар менен Кытайдан товар ташыган жүк ташыган ишкерлер Eurotransit компаниясы Казакстандагы эң таасирдүү үй-бүлөгө таандык экенин айтышуудагы.

Дагы караңыз

АКШ Мамдепартаменти Кыргызстандагы сөз эркиндиги жаатындагы көйгөйлөргө көңүл бурдуӨкмөт күзүндө маданият кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүүнү пландоодоМинистр Иманалиев: Журналисттин туура иликтөөсүн мамлекет колдошу керекПрезидент Эмомали Рахмон Ворух анклавына келетКытайда жол кырсыгында каза болгон студенттин сөөгү Кыргызстанга жеткирилетЛенин районунун мурдагы акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыкты Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылатКазакстанда вирустун кооптуу түрлөрү жайылууда Парламент Жогорку соттун төрайымын кызматтан убактылуу бошотту