Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат


Кыргыз-Кытай чек арасындагы «Торугарт» бекети аркылуу жүк ташыган автоунаалар.
Кыргыз-Кытай чек арасындагы «Торугарт» бекети аркылуу жүк ташыган автоунаалар.

Кыргыз-Кытай чек арасында жайгашкан "Торугарт-автожол" жана "Эркечтам-автожол" өткөрмө пункттары 3-апрелден 5-апрелге чейин жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, мындай тартип коңшулардын мамлекеттик майрамына байланыштуу Кытай тараптын сунушу менен киргизилген.

Торугарт жана Эркечтам жолдорундагы кыймыл 6-апрелден тартып жанданат.

Мамлекеттик чек ара кызматы бул посттор Кытайдан Кыргызстанга товар ташуу үчүн гана иштеп жатканын кошумчалады.

Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жана Кытайдын улуттук мааракелеринде жыл сайын жабылып турат. (MiK)

XS
SM
MD
LG