АКШнын Мамлекеттик департаменти 2020-жылы дүйнөдөгү адам укуктарын анализдеген баяндамасын шейшембиде жарыялады.
Документте Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана оюн эркин билдирүү жаатында жаралган коркунучтарга көңүл бурулуп, «Азаттык» радиосу, «Клооп» медиасы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» жүз миллиондогон долларлык коррупциянын бетин ачкан, 2019-жылкы иликтөөлөрү белгиленген.
Жарандардын эркиндигине, анын ичинде сөз эркиндигине арналган бөлүмдө Мамдепартамент кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аралашкан иликтөөнү жүргүзгөн журналисттер кабылган коркунучтарга басым жасалган.
Баяндамада «Эркин Европа/Азаттык» радиосу өз журналисттеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө болгон коркунучтан жана саясий куугунтуктоодон кооптонуп, башка аймактарга чыгарып кетүүгө аргасыз болгону белгиленген. Андан тышкары баяндамада журналистти коркуткан, Матраимовдон келди делген смстерди көрсөткөн видео да белгиленген.
Дагы караңыз Кимсанов: «Прагадан Алини алып кел» дешкенБишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 11-февралда Матраимовду бажыдагы коррупция боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Ага 260 миң сомдук айып пул чегерген. 18-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине сурак бергенден кийин Матраимов экинчи жолу кармалган.
Ал бул ирет кылмыштуу кирешени адалдаштырууга байланыштуу айыпталууда.
Дагы караңыз
Шаардык сот Матраимовдордун өтүнүчүн четке кактыАКШ элчилиги Шадиев жана Көлбаев боюнча комментарий бердиРайымбек Матраимовдун жүрөгүнө операция жасалатБекешев Матраимовду колдоо митингине катышкан депутаттарды сындады (видео)Ош: Матраимовдун тарапкерлеринин митинги аяктадыFactCheck KG Матраимовдун “хан сарайы” деген видео тасма жарыяладыЖурналист Болот Темиров АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыйлыгын алдыӨкмөт Матраимовдун "Эльдорадосун" калкты тейлөөчү борборго айлантатРайымбек Матраимов 2 айга камалдыРайымбек Матраимов 260 миң сомго жазаланып, мүлкү жана банк эсептери камактан чыгарылмай болдуКурманкул Зулушев акча төлөп үйүнө чыккандар жөнүндө түшүндүрмө берди (видео)