Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:43

Шаардык сот Матраимовдордун өтүнүчүн четке какты


Райымбек Матраимов. Архивдик сүрөт.
Райымбек Матраимов. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаардык соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын жакындарынын өтүнүчүн четке каккан чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу 23-мартта шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Матраимовдор сотто алар тууралуу айтылып жаткан маалыматтарды жайылтууга тыюу салууну өтүнүшкөн жана ошого байланыштуу негизги арыз боюнча соттук териштирүү убактылуу токтогон.

Свердлов райондук соту быйыл февраль айынын башында ал өтүнүчтү четке каккан.

Матраимовдордун доо арызы боюнча негизги ишти Бишкектин Свердлов райондук соту кароодо. Соңку отурумда Райымбек Матраимов жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунова аты-жөнүн алмаштырганы үчүн тиешелүү документтер талап кылынгандыктан 3-февралга которулган.

2019-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө ал иштерге Матраимовдун тиешеси бар экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган. (RK)

XS
SM
MD
LG