Кытайда жол кырсыгында каза болгон студенттин сөөгү Кыргызстанга жеткирилет

Иллюстрация.

Кытайдагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган кыргызстандык студент автокырсыктан каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.

Маркум 1999-жылы туулган. Азыр анын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси каралууда. (MiK)

Дагы караңыз

Ленин районунун мурдагы акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыкты Италия Орусиянын пайдасына иштеди деген шек менен эки кишини кармадыКыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылатКазакстанда вирустун кооптуу түрлөрү жайылууда Парламент Жогорку соттун төрайымын кызматтан убактылуу бошотту