Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Ворухка келишинин себеби Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин аталган анклав тууралуу билдирүүсү бул мамлекеттин жарандары арасында тынчсыздануу жаратканы менен байланыштуу. Бул тууралуу "Озоди" тажик кызматы кабар жазды.
Өткөн жумада Ташиев Тажикстандын бийлигине Ворух анклавы үчүн Кыргызстандын жетекчилиги Баткен облусунун башка тилкесинен 12 миң гектар жерге алмашуу сунуштаганын айткан болчу.
Тажикстандын президентинин маалымат катчысы Абдуфатто Шарифзода Эмомали Рахмон Исфарага, андан ары Ворух анклавына бара турганын 31-мартта “Азаттык” радиосунун тажик кызматына ырастады. Бирок, азырынча президенттин Ворухка качан барары жана сапардын күн тартиби белгисиз.
Бейрасмий түрдө Рахмондун Ворухка сапары 4-апрелге дайындалганы айтылып, бирок расмий тастыктала элек.
Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин 26-марттагы маалымат жыйынындагы билдирүүсү Ворухтун айланасындагы ар кандай мүнөздөгү талаш-тартышка жана талкууга жем таштаган.
Тажикстандын Исфара районуна караган Ворух анклавы Кыргызстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан. Эки тараптын чек аралаш тургундары кээде жер, жол жана суу талашып, кан төгүүгө чейин жетип, араздашкан учурлар болгон.
Камчыбек Ташиев чек араларды тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдө бул анклавды 12 миң гектар жерге алмашуу сунушуна Тажикстан тарап жооп кайтара электигин айткан.
Тажикстандын бийлиги расмий жооп айта элек болгону менен тажик коомунун өкүлдөрү социалдык тармактар аркылуу Ворухту Кыргызстанга жер алмашып болсо да алмашууга каршы экенин жазып чыгышкан.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дагы караңыз
Кыргызстан Тажикстан менен Ворух анклавын алмаштырууга даяр (видео)Баткендеги өкүлчүлүк: Чек араны бекеттерден тыш кесип өтүү - мыйзамсызОИИБ: Баткенде чек ара тынч, жолдор ачыкБаткендеги кыргыз-тажик чек арасы тынч Баткенде кыргыз-тажик чек арасына эл чогулдуЖапаров Баткендеги Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушун көрдүЧек ара кызматы: Кыргыз-тажик тилкесиндеги окуя жеринде иликтенүүдө, абал туруктууКыргыз-тажик чек арасында ок атылдыCOVID-19: Тажикстан Кыргызстан менен чектеш жерлерге аң каза баштады Лавров: Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсүнө ортомчу болууга даярбыз«Кыргыз жараны тажик жаранына ок аткан» деген маалымат териштирилип жататЧек ара кызматы: Тажикстан чек арадагы абалды атайын курчутуп жататТажикстан: Чек арадагы атышууда тажик чек арачысы жарадар болдуКыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды