Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:28

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы тынч


Чек арадагы айылдар
Чек арадагы айылдар

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш жайгашкан аймактарда абал тынч.

Бул тууралуу Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Азыркы тапта Ак-Сай-Ворух жолу ачык. Чек аралаш аймактардагы абал күч түзүмдөрү менен жергиликтүү башкаруу органдарынын көзөмөлүндө турат.

16-декабрда кечки саат 20:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары Ак-Сай-Ворух жолун тосуп, аталган айылдан эки жылкы жоголгонун, жылкынын изи тажик айылы тарапка кеткенин айтып, малды табуу талабын коюшкан.

Окуя боюнча Баткен районунун акими Каланбек Маркаев Тажикстандын Исфара районунун акими жана чогулган эл менен жолугушкан.

Жолугушуудан соң чогулган эл тарап, буулган жол ачылды.
Уурулук боюнча маалымат түшөрү менен кыргыз-тажик ички иштер кызматкерлери биргеликте издөө иштерин баштаган.

12-декабрда Ак-Сай айылындагы Бакай жаңы конушунун тургундарын тажикстандык чек арачылар талаштуу тилкеден үйүнө өткөрбөй койгону үчүн эл чогулуп, Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушкан. Маселе тынч чечилгени кабарланган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жыл башынан бери Ак-Сайда 23 бодо мал, эки эшек жоголгон. (BCh/JsA)

XS
SM
MD
LG