Чехиянын эң бай адамы кырсыктан каза тапты

Пётр Келлнер

27-мартта АКШнын Аляска штатындагы тоолордо тик учак кыйрап, анын ичиндеги Чехиянын эң бай ишкери Петр Келлнер каза тапты.

Бул тууралуу Чехиянын PPF финансалык тобунун 29-марттагы билдирүүсүндө жарыяланды.

Маалыматта жазылганга караганда тик учак кыйрап, 5 киши каза тапкан. Эми окуянын жагдайлары иликтене турганы белгиленди.

Аляска штатынын аскер адамдары жүргүнчүлөр арасынан тирүү калган бирөөсүнүн абалы өтө оор, бирок туруктуу экенин билдиришкен. АКШнын маалымдоо каражаттары тик учак саякаттап учуп жүрүп, Аляскадагы Кник мөңгүсүнө жакын жерге кулап түшкөнүн жазышты.

Петр Келлнер (Petr Kellner). Прага. 2020-жылдын 23-августу.

Эл аралык Forbes журналынын версиясы боюнча 56 жаштагы Петр Келлнердин байлыгы 52 миллиард долларга бааланып, дүйнөдө 68-орунда деп табылган. Ал өзүнүн бизнесин көчүрмө машиналарды сатуудан баштап, PPF Group деген инвестициялык компанияны түптөгөн.

Бул компания АКШда, Чыгыш Европада, Кытайда, Орусияда жана Борбор Азияда телекоммуникация тармагына инвестиция салган.

Чех маалымат каражаттары Петр Келлнер пандемиядан жабыркаган мамлекеттерге тесттерди, беткаптарды жана башка жабдууларды сатып алууга миллиондогон евро кайрымдуулук жардам бергенин белгилешти.

Дагы караңыз

Кыргызстандын бир канча аймагында сел жүрдүФарид Ниязов: Жээнбековду тандап алуу менен эң чоң ката кетирдик Казакстанда бир суткада коронавирустан 22 адам каза таптыБашкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигиндеги коррупцияны аныктадыАэропорттун мурдагы жетекчиси Эмир Чукуевдин тарапташтары аны бошотууну талап кылуудаИИМ үгүт ишине байланыштуу 55 маалыматты текшерүүдөБейшеналиев: вакцинанын жоопкерчилигин өкмөт моюнуна алатCOVID-19: Эки адам каза болду, 71 адам жугуздуОрусия Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын жөнөтөт