Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:24

Ооганстанда аскердик учак кыйраган


Ооган армиясынын өкүлдөрү учак кулаганы айтылган аймакка бара жатышат. 27-январь, 2020-жыл.
Ооган армиясынын өкүлдөрү учак кулаганы айтылган аймакка бара жатышат. 27-январь, 2020-жыл.

Бул маалыматты аймактагы АКШ аскерлери ырасташты. Ага ылайык, учак атып түшүрүлгөнүнүн эч кандай белгиси жок. АКШ куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Сонни Леггеттин айтымында, E-11A үлгүсүндөгү бомбалоочу учак Газниде кыйраган.

- Кыйроонун себептери иликтенип жатат, учак душмандын огунан кулаганынын эч кандай белгиси жок, - деди Леггет.

Бирок ал кырсыктан канча киши мерт болгонун айткан жок. Дагы бир аскер өкүлү «Азаттыкка» учакты талибдер «атып түшүрдүк» деп жарыялап жатышканы чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Ооганстандагы «Талибан» кыймылы Газни провинциясында жүргүнчү учак эмес, АКШнын аскердик учагы кыйраганын билдирген. Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахиддин учак кырсыгы «көптөгөн» америкалык аскерлердин өмүрүн алганын маалымдады. Бирок адатта жоочулар курмандыктардын санын атайын көбөйтүп айтып келет.

Буга чейин Газни провинциясынын бийлигинин өкүлдөрү «Ariana Afghan Airlines» аттуу мамлекеттик компаниянын 83 жүргүнчүнү салып бараткан учагы талибдер көзөмөлдөгөн аймакта кырсыктаганын айтып чыгышкан. Бирок аталган компания бул маалыматты четке каккан. Азырынча расмий Кабул кандай учак кулаганы жана жабыркагандар тууралуу толук маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG