Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу мыйзам бузуу жөнүндө түшкөн 10 маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Милиция текшерүүнүн жыйынтыгында кабарланган маалыматтар аныкталса шайлоо мыйзамдарына ылайык тийиштүү тараптар жоопкерчиликке тартылаарын билдирди. Ош шаардык милициясы шайлоодогу үгүт компаниясы тиешеси бар бардык тараптарды мыйзам сактоого чакырат.
Шаар тургундарын мыйзам бузуулар жөнүндө кабарларды 03222-4-82-82 телефон номерине кабарлоону өтүнөт. Учурда милицияда атайын топ түзүлүп, алар шайлоого байланыштуу ыкчам иш чараларды жүргүзүүдө.
Буга чейин мурдагы мэр Мелис Мырзакматов Ошто шайлоо таза өтпөй турганын айтып чыккан.
11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары тандалат. Шаардык кеңештерге үгүт 12-мартта башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн тогуз партиядан 702 талапкер катталган. (TSh)
Дагы караңыз
Парламент өкмөттүн үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалыматын угат Статистика: Өткөн жылы микрокредит алгандар 82 миңге көбөйдүКыргызстанда ундун баасы бир жылдын ичинде 12% өстүАфрика: Мозамбик өкмөтү террорчулардын колунан ондогон кишилер набыт кеткенин ырастадыCOVID-19: Косово – эмдөөгө кирише турган Европадагы акыркы өлкөТүркмөнстанда шайлоочуларга добуш берүүгө 2 гана саат берилди 29-марттын аба ырайыБишкек: Мектептер жана бала бакчалар азырынча толук ачылбайт