Баткен облусунда шахтада иштеген бир жумушчу газга ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу 26-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя 25-мартта Сүлүктү шаарындагы “Байкал+” шахтасында болгон.
Алгач “Раимбердиев” шахтасы урап, ичинде жумушчулар калып калганы тууралуу маалымат түшкөн. Тоо-кен куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жерине барганда шахта урабаганын, ичинде бир киши газга ууланып калганын көрүшкөн.
Аны бирге иштегендер ооруканага алып барышкан. Жабыркаган жумушчунун абалы туруктуу экени маалымдалды.
Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда 20 кырсык катталып, жети жумушчу каза тапкан, 13ү оор жараат алган. 2019-жылы он чакты өлүм катталган. (RK)
Дагы караңыз
Кытайдын вакцинасынан баш тарткан дарыгерлер жок эмес«Дубай ЭКСПО-2020»: Кыргызстандын көргөзмөдөгү орду даяр болдуБишкекте "COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен" китебинин бет ачары өттүОшто көпүрөдөн кулаган кыздын өлүмү иликтенип жатат