Улуттук банк сатыкка дагы 43,7 миллион доллар чыгарды

Кыргызстандын Улуттук банкы 25-мартта кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, сатыкка 43 миллион 700 миң доллар чыгарды.

Соңку интервенция 11-мартта жүргүзүлгөн. Анда сатыкка 30 миллион 600 миң доллар чыгарылган. 4-февралда 38 миллион доллар сатылган.

28-январда 45 миллион 700 миң доллар сатыкка коюлуп, бул интервенция 2021-жылдагы биринчи жана он айдан берки эң көп суммадагысы болуп калган.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар 2020-жылдын март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган.

Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,90 сомдун тегерегинде болуп жатат.

Улуттук банк доллардын бүгүнкү күнгө белгилеген курсу - 84,80 сом. Ал эми орус рубли - 1 сом 11 тыйын. (RK)

Дагы караңыз

Депутат жол эрежесинин айып пулдарын азайтууну сунуштадыСулайманов парламенттик шайлоого артыкчылыктуу добуш берүү ыкмасын сунуштоодоОрусиядан башкалка сураган түркмөн активисти Түркияга депортацияландыЛукашенконун режимине каршы чыккан демонстранттар кармалды