Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:07

Депутат жол эрежесинин айып пулдарын азайтууну сунуштады


Көзөмөл камерасы бар экенин билдирген жол белгиси. Бишкек. «Коопсуз шаар».
Көзөмөл камерасы бар экенин билдирген жол белгиси. Бишкек. «Коопсуз шаар».

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев 25-марттагы парламент жыйынында жол эрежесинин айып пул акчасын арзанданттууну сунуштады. Эл өкүлү кымбатчылыкта айдоочулар «Коопсуз шаар» долбоорунун айып пулдарына нааразы болуп жатканын айтып, одоно мыйзам бузбагандардын айып пулун төмөндөтүү керек, деп эсептейт.

“Келиңиздер айып пулдарды азайталы. Эгер сиздер макул десеңиздер мыйзамдарды өзгөртөлү. Мен мас болуп, кызылга өтүп кеткендерди эмес, категорияларды азайталы дегенди сунуштайм”, - деди депутат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын (ЖКККББ) маалыматына ылайык «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген 2019-жылдан 2021-жылдын март айына чейин 2 млн. 216 миң ирет жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Анын ичинен ичинен 1 млн. 440 миңдей учур боюнча айып пулдар төлөндү. Башкача айтканда, айдоочулардан жалпысынан 1 млрд. 575 млн. сомдон ашык каражат мамлекеттик бюджетке түштү.

Коомдук кеңештин жыйынында ЖКККББ 2020-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Ага ылайык өткөн жылы Бишкек шаарында 2183 жол кырсыгы катталып, 72 адам каза болуп, 2860ы жабыркаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG