Өкмөт үйүнүн алдында "ТЭЦ-2" конушунун тургундарынын митинги өтүп жатат

Өкмөт үйүнүн алдында топтолгондор. 2021-жылдын 25-марты. Сүрөт "Govori TV" телеканалынын түз эфиринен алынды.

Өкмөт үйүнүн алдында ушу тапта Бишкектин четиндеги “ТЭЦ-2” конушунда жашаган жүздөн ашуун адам чогулуп турат. Алар курулган үйлөрүн мыйзамдаштыруу маселеси 15-16-жылдан бери чечилбей жатканын, өкмөт 400 түтүндү башка жакка көчүрүшү ыктымал экенин айтууда.

Митингчилер колуна ""ТЭЦ-2" конушун мыйзамдаштырып бериңиз!”, “Мыйзамдуу мамлекетте жашагыбыз келет!”, ""ТЭЦ-2" конушунда 6000ден ашуун карапайым эл жашайбыз” деген жазууларды кармап турушат жана президент Садыр Жапаровго кайрылган ураандарды айтып жатышат.

Акцияга чыккандардын айтымында, алар менен өкмөттүк аппараттын бөлүм башчысы сүйлөшүп, 400 үй-бүлөнү көчүрүү тууралуу маалымат чындыкка жатпай турганын билдирди.

Бишкектин четинде элүү чакты жаңы конуш бар. Алардын көпчүлүгүнүн инфраструктуралык маселеси чечилген эмес жана курулган үйлөрдүн документтери жок. (RK)

Дагы караңыз

Марипов: түндүк-түштүк жолундагы иштин 9% гана аткарылганКыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү 29-мартта баштамай болдуСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин эки орун басары иштен алынды Украинада, Польшада, Болгарияда коронавирусту жугузгандар көбөйдү