Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:38

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин эки орун басары иштен алынды


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары Нурболот Үсөнбаев жана Мадамин Каратаев кызматтан алынышты. Өкмөттүн бул тууралуу буйругу 23-мартта чыкканын “Азаттык” радиосуна Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 25-мартта мекеменин жамааты жыйынга чогулуп, бул тууралуу расмий жарыя болду.

Быйыл 3-февралда Кыргызстанда жаңы өкмөт ишке киришкен. Премьер-министр Улукбек Марипов талапкерлиги парламентте каралып жатканда өкмөттүн курамындагы мекемелер 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айткан.

Саламаттык сактоо жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтери бириктирилген.

Жаңы мекемеге жетекчи болуп Алымкадыр Бейшеналиев, ага биринчи орун басар болуп буга чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеп келген Ализа Солтонбекова дайындалган.

Өкмөттүн буга чейинки курамында Саламаттык сактоо министрлигинде үч, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде үч орун басар болчу.

Нурболот Үсөнбаев жана Мадамин Каратаев Кыргызстанда коронавирус боюнча абал курчуп турган кезде жооптуу милдетти аркалашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG