Тайлаков: март айында бензиндин баасы кескин көтөрүлбөйт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда март айында күйүүчү май кымбаттабай турганын Монополияны жөнгө салуу агенттигин жетекчисинин орун басары Кеңешбай Тайлаков 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, күйүүчү майдын баасы өткөн жылдан бери 20%, айрым аймактарда 30% чейин өскөн.

“Кыргызстандагы ири мунай компаниялар менен сүйлөштүк. Ушул айдын аягына чейин бензиндин баасы кескин көтөрүлбөйт. Кымбаттаса да этап менен болот. Күйүүчү майдын Кыргызстандагы корун да эске алдык. Күнүгө талдоолор жүрүп жатат. ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү баалар да өсүп жатат. Эң негизгиси, бааны жасалма көтөрүүгө жол бербөөнүн аракетин көрүп жатабыз”, - деди Тайлаков.

Өлкөдө 2021-жылдын январь айынан тартып бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баасы жогорулай баштаган. Баа мартта дагы 5-8 сомго чейин өсөт деген божомол бар.

Азыр Бишкектеги бензин сатуучу жайларда АИ-95 бензини 48 сом 50 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 45 сом 30 тыйын, дизелдин бир литри 42 сом 90 тыйындан сатылып жатат.

Өлкөнүн ички рыногуна керектелчү күйүүчү май Орусиядан жана Казакстандан ташылып келет. Орусия Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарын төлөбөстөн экспорттоого уруксат берген. Кыргызстандын күйүүчү майга болгон бир жылдык керектөөсү 1,1 млн. тоннага жетет.

Учурда Казакстанда АИ-92 бензини 171 теңге. Бул бааны кыргыз сомуна которгондо 34 сом 35 тыйын болот. Ал эми Москвада ушул күнү АИ-92 бензини 49 рублдан же 54 сом 56 тыйынга барабар. (MiK)

Дагы караңыз

Жаңы Конституцияны колдогон 12, ага каршы үч үгүт тобу түзүлдү Европарламенттин депутаты Күчүк: ШУАРдагы илимпозду колдогондугум үчүн Кытай мага чектөө киргиздиЖапаров: 24-марттагы окуяга адилетсиз бийлик жана мыйзамсыздык себеп болгонЭмдөө: Кыргызстан AstraZeneca боюнча корутундуну күтүүдө"Атайын байланыш" кызматындагы жапырт иштен алуу боюнча сот улануудаУКМК: Бабановдун жазык иштери жабылды, ал жардамга 100 млн. сом бөлөт НАТО "баскынчыл" Орусияга такаат кылчу ынтымакты тастыктады