Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:15

УКМК: Бабановдун жазык иштери жабылды, ал жардамга 100 млн. сом бөлөт


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулду. Ал мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде өз ыктыяры менен казынага 100 миллион сом төкмөй болду.

Бул тууралуу 24-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, буга чейин прокуратура жана тергөө органдары Бабановго жана ага байланышы бар коммерциялык структураларга карата козгогон жазык иштери токтотулду. Мындай чечимдин кабыл алынышына Өмүрбек Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок экени себеп болду.

“Ошону менен катар Өмүрбек Бабанов менен мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде 100 миллион сомду (казынага) которуу тууралуу келишим кабыл алынды”, беп билдирди УКМК.

Өмүрбек Бабанов 2019-жылдын 29-августунда Финансы полициясында сурак берип чыккандан кийин УКМКда жана Финансы полициясында ага каршы сегиз иш тергелип жатканын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG