"Кылмыштын көбөйгөнү жакырчылыкка барып такалат"

Туратбек Мадылбеков.

Кыргызстанда акыркы айларда кылмыштуулук күчөгөнү байкалууда. 23-мартта Ошто бир адам киши колдуу болсо, өткөн жумада үч кишиге ок атылып, экөө каза болду. Бишкекте өспүрүмдүн өлүмү катталды. Жаңы конуштардын тургундары майда уурулук да көбөйгөнүн айтышууда.

Кылмыштуулук боюнча соңку кырдаал туурасында Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы милиция кызматкери Туратбек Мадылбеков "Азаттыкка" маек курду.

- Туратбек мырза, соңку күндөрү ок атылып, адам өлтүрүлгөн бир нече окуя катталды. Мындай окуялардын кун алыс катталып жатышы эмнеден кабар берет?

- Акыркы мезгилде Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында адам өлүмү менен аяктаган ар кандай нуктагы окуялар барган сайын көбөйүп жатканын өкүнүчтүү көрүнүш катары баалайм. Мунун бир нече себептери бар. Биринчиден, калктын жакырланышы мунун башкы жүйөсү десек болот. Мурда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн ортосунда бирин-бири өлтүрүү катталып келген болсо, азыр катардагы эле элдин арасында, ал тургай ата-баланын, эне менен кыздын, бир туугандардын арасында жетишпеген жашоонун айынан бири-бирине кол көтөргөн учурлар көбөйүп жатат. Бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш, жагдайга жеке эле укук коргоо органдарын жооптуу жана күнөөкөр кылып койбостон, милиция кызматкерлери, коомчулук кылмыштуулуктун алдын алуу маселесин колго алышы керек деп ойлойм. Бирок бүгүнкү күндө алдын алуу иштери кандай деңгээлде өтүп жатканын жалпы коомчулук биле бербейт. Жергиликтүү бийлик эл арасындагы маалыматты тыкыр топтоп, абалы анча жакшы эмес үй-бүлөлөрдү каттоого алып, алар менен сүйлөшүүнү бекемдеп, керек болсо психологдорду тартып, ар тараптуу иш алып барышы керек. Менимче, мындай кылмыштуулукту азайтыш үчүн коомчулуктун ролу чоң. Кандайдыр бир зомбулук же жаман көрүнүш болсо милицияга, башка бийлик органдарына кабарлап, алдын алуу менен ишти илгерилетүү керек.

Дагы караңыз Ошто дагы бир кишини атып кетишкени кабарланды


- Кыргызстанда мыйзамдан жазгануу жоголуп бараткан жокпу? Мунун себеби эмнеде? Бийлик алмашуу ага таасир этиши мүмкүнбү ?

- Мыйзамдын жөнөкөй элге туура аткарылышын жогору жактагы биздин чоң аткаминерлер, саясатта жүргөн адамдар биринчи көрсөтүшү керек. Бизде бүгүнкү күндө эмне болуп жатат? Ошол эле укук коргоо органдары, сот системасы акты кара, караны ак деп турган учур болуп жатпайбы. Канчалаган эл азыр ыйлап жүрөт? Кылмыш жагын айтпай эле койоюн, мүлктөрүн алдырып коюп, адилеттикке жете албаган ар кандай окуялар болууда. Эми саясатчыларды алсак, маселен Жогорку Кеңешти эле карайлычы, мына алты айдын жүзү болду. Өздөрүнүн мөөнөтүн өздөрү узартып алышып, мыйзам чыгарып жатышат. Мунун баарын катардагы жарандар көрүп олтурат. "Беш жылга шайласак, өзүм билемдик кылып, алты жылга чейин отурушту" деп жатышат.

Элдин жек көрүү сезими өлкөдөгү Жогорку Кеңеш институтунун айынан жогорку деңгээлге жетти. Анан аткаминерлерди алалы, убагында ар кайсы партиялар деңгээли төмөн адамдарды министр кылган. Жеп-ичкендер көбөйгөндөн кийин бул жактагы карапайым эл аны көрүп-билип туруп, аларга азуусун кайрап "буларды жок кылыш керек" деген маанайда олтурат. Азыркы алтынчы чакырылыштын депутаттары өздөрүн эле жек көрсөтүп чектелбей, парламент институтунун да кадыр-баркын кетирди.

Дагы караңыз Каниметов: Сания Токтогазиеванын үстүнөн арыз түшкөн


- Акыркы учурда катталган кылмыштарда курал колдонулганы айтылды. Бул көрүнүш өлкөдө куралга да көзөмөл жүргүзүү жагы аксап жатканын көрсөтпөйбү?

- Бизде эки-үч төңкөрүш болуп кетти. Өзгөчө, мурунку эки революцияда биздин укук коргоо органдарынын курал-жарактары өтө көп санда жоголгон да. Бир чети ушунун айынан, экинчиси, өлкөдө курал-жарак кенен, эркин эле, көзөмөлсүз колдонулуп жатат.

Жалпыга маалым, кээде курал-жаракты көп санда көчөдөгү машинеден эле кармаган учурлар бар. Мындай абалды жөнгө салуу укук коргоо, күч органдарынын негизги милдети эле. Көзөмөл иштери азыр абдан солгун жүрүп жатат. Ыкчам кызматкерлердин кесиптик деңгээли төмөндөп кеткенинин негизги белгиси ушул.