Сымап комбинатына таандык жер мамлекетке кайтарылды

Айдаркен шаарындагы сымап кен комбинаты жайгашкан аймак.

Баткен облусунун Кадамжай райондук прокуратурасы жалпы баасы 10 млн. 258 миң 715 сомдук 2,3 гектар жер тилке жана анда жайгашкан кыймылсыз мүлктү мамлекетке кайтарды.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 99,98% акциясына мамлекет ээлик кылган мамлекеттин менчигинде болгон «Айдаркен сымап» акционердик коомунун 2,3 гектар жер тилкеси Айдаркен поселоктук өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-декабрындагы мыйзамсыз токтому аркылуу жеке менчикке чыгарылган.

2004-жылдын 12-мартында жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилгендиги тастыкталган. Райондук прокуратура жогорудагы токтом жана мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу максатында сотко кайрылган.

Бардык соттук инстанциялар бул документтерди жараксыз деген чечим чыгарган. Натыйжада быйыл, 25-февралда кыймылсыз мүлк «Айдаркен Сымап» акционердик коомунун менчигине кайтарылды.

Башкы прокуратура мурдагы жылдары мыйзамсыз менчикке чыгарылган бала бакчалардын имараттарын, жер тилкелерин жана башка кыймылсыз мүлктү мамлекетке кайтарган.(ZKo)

Дагы караңыз

АКШда кибералдамчылык үчүн орусиялык 10 жылга эркинен ажыратылдыCOVID-19: «AstraZeneca» үчүн жашыл жарык"Хюман Райтс Уотч" уюму Азербайжандагы армян туткундары үчүн кабатырБолгарияда "Орусияга тыңчылык кылды" деп шектелгендер кармалдыСуваналиев: Согд облусу менен протоколго кол коюлдуТажикстан: Жарандык согуш учурундагы "Кожо-колбашчы" 14 жылга кесилди «Ала-Арча» мамлекеттик мекемесинде 3,7 млн. сомдук жылкы менен топоз жок болуп чыктыБишкек-Стамбул каттамындагы учак Анкарага чукул кондурулду