Эл аралык "Хюман Райтс Уотч" укук коргоо уюму Азербайжанды жикчил Тоолуу Карабактагы согуш маалында колго түшкөн армян туткундарына жасалган катаал мамилелер боюнча бардык айыптоолорду териштирүүгө жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды. Ошондой эле Азербайжан бийлиги эл аралык мыйзамдар боюнча адам укуктарын коргоосу керек экенин эскертти. Ал эми расмий Баку армян туткундардын дээрлик бардыгы каршы тарапка өткөрүлгөнүн баса белгиледи.
Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан эл аралык "Хюман Райтс Уотч" (Human Rights Watch) укук коргоо уюму 19-мартта Азербайжанда камалган армян туткундары кыйноолорго кабылып жатканы тууралуу билдирүү таратты.
"Азербайжан күчтөрү армян туткундар колго түшүрүлгөндө, аларды кайра өткөрүп берүү учурунда же ар кандай жабык жайларда аларга ырайымсыз ыдык көрсөтүшкөн. Туткундар кыйноолорго дуушар болушкан", – деп жазылат билдирүүдө.
"Эл аралык уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон Азербайжан калган армян туткундарды токтоосуз бошотуу үчүн өлкөдө абактарда калган туткундар тууралуу так маалымат бериши керек", - деди.
"Камалган армян аскерлерин кыйноо – бул жийиркеничтүү жана кылмыш болуп эсептелет. Жоголгон армян жоокерлеринин бир тобу акыркы жолу Азербайжандын убактылуу кармоочу жайында жүргөнү белгилүү. Аларды Баку эсепке албай койгону бизди терең тынчсыздандырат", – деди Уильямсон.
"Хюман Райтс Уотч" укук коргоо уюмунун кызматкерлери туткунда калып, кийин бошотулган төрт жаран менен маектешкен. Алар Азербайжандын абактарында кыйноого кабылгандарын айтып беришкен.
Укук коргоо уюмунун билдирүүсүндө: "Бирөө курч темир менен таяк жегенин айтса, дагы бири электр тогу менен кыйналганын, башка бирөө болсо жандыргыч менен бир нече жолу өрттөлгөнүн айткан. Эркектер жаман шарттарда кармалган. Алгачкы күндөрү жада калса суу да берилген эмес", – деп жазылат.
Уюм социалдык тармактарда тараган 20дан ашык тасмаларды изилдеген. Ал тасмалардан азербайжандык аскерлер колго түшкөн армян туткундарын сабап жатканын көрүүгө болот.
"Хюман Райтс Уотч" уюму учурда камакта отурган туткундар зордук-зомбулукка кабылып жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди жана Азербайжан бийлигинен эл аралык мыйзамдар боюнча адам укуктарын коргоону талап кылды.
Ал ортодо быйыл февраль айынын аягында Армения Азербайжанда туткунда калган 240 кишиге байланыштуу маселени көтөрүү өтүнүчү менен Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылган. Сот 16-мартта 72 армян ушул тапта Азербайжанда экендигин жана Азербайжан бийлиги алардын абакта кармалып жаткандыгын тастыктагандыгын билдирген.
15-мартта Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов (Ceyhun Bayramov) басма сөз жыйынында келишимге ылайык армян туткундарынын дээрлик бардыгы каршы тарапка өткөрүлгөнүн айтты.
"Азербайжан бардык туткундарды каршы тарапка кайтарды. Калган туткундар Армениянын Ширак аймагынан Азербайжандын бошотулган аймактарына 26-ноябрда үч тараптуу кол коюлгандан кийин келгендер экендигин дагы бир жолу кайталайм. Азербайжанда тергөө иштери жүрүп жатат", – деди Байрамов.
Ал эми Армения 69 аскер туткунун жана карапайым кишини Азербайжан өзүнө кайтарып бергенин билдирди. Азербайжан болсо аскер туткундарынын бардыгын Арменияга кайтарганын, бирок террорчулукка шек саналган 60тай киши алигиче камакта экендигин жарыялады.
"Хюман Райтс Уотч" уюму билдиргендей, Баку же Ереванда камакта калгандардын саны же алардын статусу жөнүндө дооматтарын текшерүүгө бул уюмдун ыйгарым укугу жок.
Армения жана Азербайжан былтыр күзүндө алты апта согушуп, 9-ноябрда Москванын ортомчулугу менен тынчтык келишимине жеткен. Ок атышууну токтотуу тууралуу үч тараптуу макулдашууга ылайык, Баку соңку салгылашууларда кайтарып алган чөлкөмдөрдү сактап калды. Ал жерлерди армян жикчилдери дээрлик 30 жылдан бери армян куралдуу күчтөрүнүн колдоосу астында көзөмөлдөп келишкен.
Ал эми Тоолуу Карабактагы 2020-жылдагы дээрлик 44 күнгө созулган жаңжал учурунда 7 миңден ашык жоокер жана алардан тышкары карапайым кишилер набыт болгон. (Бул маалымат улам такталууда).
Армян тарабы азербайжандыктар тарабында Сириядан келген ислам жоочулары да салгылашты дешкен, муну Баку четке каккан. Орусиялык айрым булактар армян тарабында айтылуу Вагнердин тобундагы орусиялык жалданма жоочулар салгылашканын жазып чыгышкан. Чет өлкөлүктөрдүн набыт кеткендеринин саны так эмес.
Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабакты Азербайжандын бөлүгү деп тааныйт, бирок аймактын автономиялык бөлүгүн жикчил армяндар Еревандын колдоосу менен башкарып келатышат.
Тоолуу Карабак үчүн өткөн кылымдын соңундагы уруш 1994-жылы токтогону менен, ортодогу кагылышуулар маал-маалы менен улантылып келген.
1994-жылы 5-майда Бишкек шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык жыйынынын (Межпарламентская Ассамблея СНГ), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Орусиянын Федералдык Жыйынынын жана Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен Тоолуу Карабак согушун токтотууга арналган жыйын болуп өттү.
Бул жыйындын жыйынтыгында Азербайжан Милли Межлисинин, Армениянын жана Тоолуу Карабактын Жогорку Кеңештеринин өкүлдөрү Бишкек протоколуна кол коюшту. Бул протоколго ылайык жаңжалдашкан тараптар 1994-жылдын 8-майынан 9-майына караган түнү ок атышууну токтотууга чакырылган.
Андан соң ок атышууларды мөөнөтсүз токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюлуп, Тоолуу Карабактагы ок атышууларды токтотуу тартиби 1994-жылдын 12-майынан тартып күчүнө кирген.