Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу «Ала-Арча кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы» мамлекеттик мекемесинин балансында турган малдын иш жүзүндөгү жана документалдык санын салыштыруу учурунда, 39 баш жылкы жана 26 баш топоз жетишпегени аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Тергөөдө такталгандай, жооптуу адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 3,7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Расмий билдирмеде, мамлекеттик мекемеде жалпы канча жылкы жана канча топоз бар экени көрсөтүлгөн эмес.
Факт боюнча Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү («Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу») кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш катталды.
Учурда УКМК тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүүдө. (ErN)
Дагы караңыз
HRW Азербайжанды армян туткундары боюнча иликтөөгө чакырды Эльёр Нематов: Баткен чөлкөмдөгү керемет өрөөн Нооруз жөнүндө күтүүсүз буйрук20-мартта кар жаашы мүмкүнСот Мухаммедкалый Абылгазиевди 26-майга чейин камакта калтырды