Өзбекстандык документалист-фотограф Эльёр Нематов “Азаттыкка” келип, бала чагы, сүрөткерлик өнөрү, учурда тартып жаткан даректүү тасмалары жана Кыргызстан тууралуу айтып берди.
- Кыргызстанга бир топ линогравюра ыкмасы менен тартылган сүрөттөрүңүздү алып келипсиз. Кантип бул жанрга өтүп калдыңыз? Кыйын болбодубу?
- Мени үйрөткөн устат болбоду. Интернеттен эле үйрөнүп алдым. Instagram платформасынан ар кыл сүрөтчүлөрдүн эмгектерин карап, өзүмдүкүн алардыкына салыштырам.
Мен өзүм график-сүрөтчү болуш үчүн окугам, ал кезде линогравюра менен иштейм деген оюм деле жок болчу. Англисче муну «print-making» деп коюшат, “коюу-басма”, башкача айтканда, басма, болгондо да кол менен басып чыгаруу.
Американын, Европанын ар кыл сүрөтчүлөрүнүн эмгектерин көрдүм, аз-аздан үйрөндүм, алар кандай материалдарды колдонушат, жабдуулары кандай экенин билгим келди, анан процесстин өзү кандай болоруна кызыктым. Анан акырындан тереңдей бересиң да. Башында үйдүн ламинатын мокок бычак менен кестим, кесем деп жатып колумду да тилип алдым. Анан акырындан нукура линогравюрага жарай турган линолеумду издей баштадым, боёкторду, керектүү жабдууларды таап чогулттум.
- Бизде менимче 50-жылдары аябай көп тартылды окшойт. Ошондо, андан кийинки советтик окуу китептерде бүт эле линогравюралык сүрөттөрдү көрүүгө болот. Азыр бул ыкма кыйла кыйындай болсо керек? Трафареттей эле да?
- Ооба, басма деп койсо деле жараша берет. Кандай десем, алгач калыбын жасайсың, ошол калыпка басымдын жардамы менен сүрөттү түшүрөсүң, аны негативге көчүрүп, ошол негативди солдон-оңго, оңдон-солго айлантып даяр сүрөттү аласың. Мына ушул процесстин өзү кызык, мээң тескери жагынан айланат, сүрөттү тартып аны кесип алгандан кийин кызыктын баары башталат. Кесип алган кесиндиң кара эмес ак, сен тийбеген боштук калат. Иши кылып, жасап аткан ишиңди гана ойлогон мээге пайдалуу. Мен муну мектептеги балдарга үйрөтсө жакшы болмок деп ойлойм, балдар кичинесинен ушундай техникага көнгөнү жакшы, себеп дегенде, кийинки турмушуна пайдасы тиет, бир нерсени акыл менен жасоого көндүрөт, мээнин эки тарабы бирдей иштейт.
- Сиздин линогравюра сүрөттөрүңүздөн да социалдык жашоону, аялдарды, Борбор Азиянын турмуш-тиричилигин көрүүгө болот. Сиздин документалдуу фотографияларыңыз белгилүү басымаларга чейин жеткен.
- Эмне үчүн андай болгонун мен ойлонгон деле эмесмин. Мүмкүн өзүм байкабай фото, сүрөт аркылуу бере албай турган нерсемди жасап алган чыгаармын. Мен көбүнчө репортаж кылып тартканды жактырам, кадрда биртоп пландар анан көптөгөн кыймылдар болот, бирок портретти... Кандай деп айтсам, мен портретке анча жокмун. Портретте тарта турган кишиң камераны карап турат – билбейм, мага мындай ыкма анча жага бербейт. Анан да мен табиятты тарта албайм, фото сүрөтчү эмесмин, кээ бирөөлөр жаратылышты кемелине келтирип тартат го.
- Сиз Бухарадан болосуз да?
- Түпкүлүгүм Бухарадан. Мен чоңойгон Вабкент шаарчасы Бухарадан 30 чакырым алыс.
- Сүрөтчүлүк болууну бала кезиңизден эле каалачу белеңиз?
- Мүмкүн каалагандырмын, билбейм. Бала кезимде аябай кызыккам. Тестиер кезимде, кийин эр жетип чоңойгондо деле бир нерсени үйрөнүү, билип алуу кумары кала берди. Балалыгым жупуну маалга туш келгени үчүнбү же азыркы чен менен алганда кыйла эле жакыр үй-бүлөдө чоңойгонум үчүнбү, айтор бир нерсени билип алсам, жасай койсом деген каалоо күчтүү болчу.
Мага ата-энем даяр, жыргал шартты түзүп бере алган жок. Ага карабастан менде сүрөтчүлүк, бир нерсени үйрөнүп, билип алсам деген каалоо алдыга жетелеп, сүрөтчү болууну катуу эңсеп калдым.
Ага жетиш үчүн 12 жашымда Бухара шаарындагы өнөр лицейине өттүм, сүрөтчү-график болом деп интернатта жатып окуй баштадым. Кийин фотографияга кызыга баштадым.
Документалдуу фото сүрөттө жалаң эле сүрөт эмес, тарых чагылдырылат. Кайсы бир проблемалардын чоо-жайы, адамдардын өмүр таржымалы, сенин айланаңда жүргөндөрдүн маанайы – ушунун баары мени кызыктыра берди. Булардын баары биринин артынан бири кайсы бир фотобаянга кошулуп, алар анан аз-аздан узак убакытка эсептелген олуттуу фото долбоорлорго айланып, алар аркылуу менин үй-бүлөм, жакындарым, элим башынан кечирип жаткан ар кыл проблемалар тууралуу аягы көрүнбөгөн узун тарыхка айланып кетти.
- Ошол кезде ата-энеңиз эмне менен алектенчү эле? Дегеним, сизге ушул жолду көрсөткөн, багыттаган адам болду беле?
- Андай болбоду. Атам жүк ташыган машине айдачу. Апам курулуш компаниясынын кадрлар бөлүмүндө иштечү.
- Балким туугандардын арасынан бирөө-жарым болгондур?
- Жок, туугандар арасында деле болбоду. Ата-энем мага келгенде эч качан жок дебеген бир гана нерсе бар эле – ал эркиндик. Графика менен алышып атканымды көрүшсө жолтоо болушчу эмес. Ошол эле учурда мага каржы жагынан колдоо көрсөтө алышкан жок. Анан жайында курулушка кетчүмүн, 90-жылдары баары эле жакшы ремонтту "евроремонт" дешип курулуш күчөбөдүбү беле. Жайы менен усталарга жардамчы болуп иштейм, мектепке керектүү акчаны ошол жерден табам, окуу китеп, дептер, андан ашса кийим-кечек, керектүү нерселерди сатып алуу үчүн акча топточумун.
Сүрөт тартууга кызыгып «Зенит» фотоаппаратын сатып алыш үчүн Бухарадагы эски мейманканага ишке кирдим. Анын өчүп калган оюм-чийимдерин калыбына келтирүү керек эле. Күндүз окуйм, түн киргенде жатаканадан уурданып чыгып кетем, 8-9-класста окуйт элем. Эски сайманы калыбына келтиргеним үчүн мейманкананын ээси жакшы төлөп берди, чоң акчаны биринчи кармаганым ошол болду окшойт. Фотоаппарат кымбат эле, ошого карабай мен аны тырмак алды акчама сатып алгам.
- 15 жашыңыздабы?
- Ии, 14-15 жаштагы тестиер бала элем. Ошентип фотоаппаратты сатып алдым, азыркы акчага айлантканда 100 доллардай болмок, аны табуу үчүн бир ай кирпик какпай иштедим.
Ата-энем "кайдагы бир камераны сатып алыпсың" дешип алгачкы буюмумду анча жактырышкан жок. Бир аз шаабайым сууй түштү. Сүрөтчү болом деп жүрсөң, кыялыңда чоң нерселерди ойлонуп, бир фотоаппарат сатып алсаң, анан ушундай сөз уксаң кызыктай болосуң да.
Окууга жөнөп жатканда ата-энем бир доллар берген. Жашаганга, кагаз-китеп, калем сатып алганга берилген акчадан өөнөп фотопленка сатып алчумун, бир-эки жумадай тишимдин кирин соруп жүрсөм да 36 кадр сүрөт тартчу пленканы эңсечүмүн. Ошентип окудум. Анан пленканы чыгарыш үчүн да акча топтодум, пленканы фотокагазга көчүрүш үчүн да акча топтодум...
- Эмнелерди тартчу элеңиз?
- Адамдарды, көчөлөрдү, айланамда кыбыр эткендин баарын тартчумун.
- Бирок, ошол жылдары ар бир кадр кымбатка турчу да. Азыркыдай жакпаса өчүрүп таштап кайра тарта алышчу эмес.
- Анысы бар. Өчүрүп коюш мүмкүн эмес эле. Мага бухаралык устаттарым Шавкат Болтаев, Изиола Саидова менен Нурдин акелер аябай чоң жардам көрсөтүштү. Кээде мага пленка беришчү, камерасын “азыр бош турат, барып тартып кел” деп эки саатка карматышчу. Ушунун баары мага чоң тажрыйба болду.
Сүрөттөр чогулган китепканада отурдум. Сабакка барбай калганым үчүн окуумдан аксадым. Лицейден да чыгып кете албадым, сүрөттү кантип тартуунун сырларын үйрөнүшүм керек эле.
Ушинтип кыйла убактымды өткөрдүм, 21 жашка чыкканча бул иштен бир тыйын пайда тапканым жок.
- Эмгектин үзүрүн качан көрө баштадыңыз анан?
- Ар кыл жагдайлар болду, бир топ эл аралык, аймактык сынактарга катыштым. Курбалдаштарымдын арасынан биринчи орунду ээледим, көргөзмөлөрүм өттү. Кайсы бир деңгээлде көңүлдү кайт кылган иштер да болду.
Бир ирет фотосүрөттөрдүн жылдык конкурсу өтүп, устатым мени жөнөттү. Кийин сыйлык тапшыруу үчүн Ташкентке чакырышты. Чын-чынына келгенде анчалык деле кадырлуу сынак эмес эле. Мага иши кылып бир орунду ыйгарышыптыр. Ал жерден устатыма телефон чалып “Шавкат аке, эмне үчүн эмгектериңизди бул жакка жөнөткөнүңүздү түшүндүк, жаш бала муну тарта албайт” деп күмөн санашкан.
Ошол кезде бул мамиле мага аябай катуу тийген. Кийин ойлосом, бул менин жашоомдогу эң чоң мактоо болгон экен.
Дагы бир окуя, 19 жашымда мейманканада иштеп калдым, баягы эле акча табыштын айласы да, университетке жаңы өткөм. Бир ирет мейманканага токтогон Франциянын Өзбекстандагы атташеси менен сүйлөшүп калдым.
Менин сүрөт тарта турганымды угары менен "эмгектериңди көрсөтчү" деп сурады. Мен болсо көрсөтө албайм, сүрөттөрүм кагазга басылган эмес да. "Анда портфолиоңду көрсөт" деди. Кедей студентте кайдагы портфолио? Адатта портфолио А4 же А3 кагазына чыгарылат, баары ачык, даана чыгышы керек. Мен болсо ширеңкенин кутусундай кичинекей кагазга сүрөттөрүмдү чыгарып алып жаныма салып жүрөм. Азыр так айта албайм 20 же 40 эмгек болчу. Тигил киши баарын эринбей карап чыкты. Анан “мыкты экен, сен жакшы тартат экенсиң, Ташкентке кел, көргөзмөңдү уюштурабыз, китебиңди чыгарабыз", - десе болобу. Мыкты фотосүрөтчүлөр Ташкентте көргөзмөм өтсө, китеп чыгарсам деп кыялданышчу. Ошентип 19 жашымда биринчи көргөзмөм өткөн.
- Сиз чыгармачылыктан сырткары башка да иштер менен да алектенет экенсиз. Кантип айкалыштырып жатасыз? Азыр даректүү тасма тарта баштапсыз.
- Кандай десем, менде бир убакта беш өмүрдү жашайм деген илгери үмүт бар. Кандайдыр бир күч, энергия алдыга карай түртүп турат, мен ага каршылык кылбайм.
Албетте, азыр даректүү тасма өтүмдүү, маанилүү, мен өзүмдү ушул жаатта сынап, дагы өскүм келет. Буга менин басып өткөн жолум жакшы жардам берет.
Кайсы жерде чоңойгонум, баштан кечирген кыйынчылыктар, каалабасам да аткарууга туура келген иштер, аракет кылып бирок ийгиликке жете албай калган күндөр. Жаштыгым ошондой мезгилге туш келди. Андыктан бул менин эле эмес, мен курдуулардын баарына таандык өкүт, тажрыйба. Жашоо-турмуш ушундай экен.
- Даректүү тасмаларыңыз тууралуу билсек?
- Азыр мен толук метраждуу даректүү тасмаларды тартып жатам. Айрымдары тууралуу айтып бере алам, айрымдарын темасынын татаалдыгынан, курчтугунан улам азырынча жашыруун кармай турайын, чогуу иштеп жаткандарды ыңгайсыз абалга калтыргым келбейт.
Тартып жаткан бир тасмам казакстандык өзгөчө балдарга арналган. Даун синдромунан жабыркаган балдар Алматыдагы инклюзив театрында актерлор менен чогуу бир сахнада ойношот. Бул өзү чоң долбоор, балдар азыр экинчи спектаклге даярданышууда. Мага ушул жаңы тажрыйба тууралуу даректүү тасма тартууну сунуш кылышты.
Ушул иш менен 2020-жылдын ноябрынан бери алектенип келем, жакында монтажды баштайбыз. Дагы бир фильмди Тажикстанда тартып жатабыз. Ал дагы адам укугуна, адам тагдырына байланыштуу. Кудай буюрса, бул фильм да жыл аягына чейин чыгып алышы ыктымал.
Мен үчүн дагы бир маанилүү фильмди Өзбекстан менен Кыргызстанда тартып жатабыз. Кыргызстан боюнча тартылчу материалдардын камылгасы менен бул жерге келдим, Өзбекстанга тийиштүү бөлүгү жарым жыл мурда эле тартылган. Бул тасма дагы жыл аягына чейин чыгат, эки өлкөгө бирдей маанилүү, кадыр-баркы бийик бир адамдын тагдыры тууралуу айтып бермекчибиз. Ал киши ким экенин азырынча айта албайм.
- Күтөбүз. Өтө кызыктырып койдуңуз. Адистер Борбор Азия жакшы изилдене элек аймак дешет. Сиздин сүрөттөрүңүздү карап жатып Баткенде тартылгандарын көрүп таң калдым. Өзүм баткендик болгонум үчүнбү ал адамдар бир чети мага аябай жакын, бир чети башкачадай сезилди да. Кээ бирөөлөрүн тааныдым. Бирок башкача жашоону сездим.
- Мен Баткен темасына атайын токтолгум келет. Баткен тууралуу ушу кезге чейин бирөө менен атайын сүйлөшө элекмин. Бул аймакты Кыргызстандын бир бөлүгү катары эле билишет. Бирок четтен алып эле жарыялап салчу материалга бай аймак экенин байкашпайт.
Мен Баткендин көп жеринде болдум, нак турмушту мен ушул жерде тарттым.
Борбор Азия деген кенен чөлкөмдү алсак, анын ичиндеги эң сонун, май топурак жер Баткен экен. Мага ошондой сезилди. Эки ири долбоорумдун кыйла бөлүгү ушул керемет өрөөндө тартылды. «Атам эртең келет» менен «Менин атым ‒ аял» деген эмгектерим жаралды. Баткенден боорукер адамдарды көп көрдүм.
Борбор Азияда Өзбекстанда же Тажикстанда меймандостук укмуш деген стереотип бар. Бирок Кыргызстан дагы аябай меймандос өлкө экенин ушул Баткенден сездим.
Ал жактагы адамдарга канча ирет келбе кучак жая тосуп алат, жашоосун, тагдырын, ой-санаасын айтып беришет. Азыр барсам да өз баласындай кабыл алышат.
Исфана ‒ керемет шаар, эң мыкты кадрларымды ушул жерден тарттым. Кээде биз кадрларды гана ойлойбуз, бирок сен тарткан адамдар эмнени ойлошот, алардын дүйнөсү кандай, алардын айтып бергени, ортодогу мамиле-катыштын маанайы – мунун баары мага чоң тажрыйба болду, көп кишилер аркылуу өсүп, мурдагыдан мыктыраак болуп калдым окшойт.
Мурда Борбор Азия өлкөлөрүнүн бир да облусунда мынчалык көп убакыт жүрбөгөнүм, Баткенди баштан аяк кыдырып, кенен таанышып чыкканым да таасир этти көрүнөт.
Исфанага алгач эл аралык ЮНИСЕФ уюму үчүн материал тартууга баргам, кийин Дүйнөлүк банк үчүн да бир нерселерди тарттым. Ал кезде Исфананын жолунун аты эле болбосо, талкаланып калган, уңкур-чуңкур бирдеме болчу. Машине менен барып алып азап тарттым, анын үстүнө рулга жаңы отурган кезим эле.
Чыгат десе эле чыгып алыпмын, капыстан бир өзбек анклавына туш келдим. Мыйзам боюнча ал жакка киргенге акым жок эле, кыскасы кызык окуялар баштан өткөн.
Бир күнү жол тууралуу сүрөт тартуу үчүн таңкы саат 5те турдум. Команда уктап жатканда көчөгө чыктым. Суу жээгинде басып жүрсөм, аппак көйнөкчөн, чачында бантиги бар секелек кыз тыпылдап келе жатыптыр. Ушул көрүнүшкө аябай таң калгам.
Секелектин жанында агасы бар болчу. Экөө жетелешип алып дарыянын үстүндөгү кош жыгачка кагылган майда тактайлардын үстүнөн акырын басып баратышты. Машиненин эски дөңгөлөгүнө байланган көпүрө оодарылып кетчүдөй солкулдап турду. Мен ушул эпизодду тартып алдым.
Аябай мыкты кадр чыкты. Бир туугандар бала бакчада өтө турган майрамдык салтанатка бараткан экен. Чогуу басып, 20 мүнөттөй сүйлөштүм.
Алар мага Орусиядагы ата-энеси акча жөнөткөнүн, чоң энеси кийим алып берип, майрамга даярдаганын, жайкы каникулда апасы алып кетерин айтып беришти. Менимче, апасы ошентип сооротсо керек, кичинекей кыз апасы келерине аябай ишенип алыптыр.
Кийин кинонун окуусуна окуганда ошол окуя эске түшүп, «Ак бантик» деген сценарий жаздым. Менин тасмам ошол балдарды бакчага жеткирүү менен аяктайт.
Кийин Москвада фабрикадан өрт чыкканда 17 мигрант кыз-келин тирүүлөй күйүп кеткенин угуп, дароо ак бантик тагынган кызды эстедим. Кайгырып өзүмө келе албай жүрдүм.
Миграция азабын канча жылдан бери тартып келаткан адам катары баарын элестеттим, жанагы балдардын апасы ошол өрткө туш келген он жетинин бири болуп калышы толук мүмкүн эле. Балким күйүп кеткен жапжаш кыз-келиндердин бирин айылдагы үйүндө ак бантик тагынган кызы жол карап күткөндүр... Бул оор трагедия, улут үчүн чоң арман.
- Сиз Кыргызстан тууралуу көп айтасыз. Канча жыл жашадыңыз эле?
- 2011-жылы келгем. 2017-жылга чейин жашадым. Анан Алматыга кеттим, андан Ташкентке бардым. Ага карабай эки айда бир, кээде бир айда эки ирет Кыргызстанга келип турдум.
Пандемия гана менин жолумду бууп койду. Бул жерде мен чет элдик конок эмесмин, Кыргызстан менин бир боор өлкөм, экинчи Мекеним. Ошон үчүн сиз конок катары суроо узатсаңыз таарына түштүм, мен конок эмесмин. Мен бул жерге өз үйүмө келдим, өзүмдү бишкектикмин деп эсептейм.
- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.
Сүрөттөр автордун уруксаты менен жарыяланды. Башка маалымат булактарына колдонууга болбойт!