Борбордук "Ала-Тоо" аянтында 19-мартта Абхазиядан келген машине ээлери чогулуп, нааразылык билдирип жатышат.
Алар бийликке кайрылып, абхаз номуру менен жүргөн автоунааларын каттоону талап кылышууда.
Журналисттердин билдирүүсүндө, акцияга 50дөй жаран чыкты.
Буга чейин Мамлекеттик Бажы кызматы Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз киргизилген машинелерди аныктоо боюнча рейд жүрүп жатканын билдирген.
Анын жүрүшүндө Абхазиянын номуру менен мыйзамсыз жүргөн он автоунаа кармалып, айып жайына токтотула турганы кабарланган. Бийликтер бул автоунаалар чек арадан мыйзамсыз өткөрүлгөн деп эсептейт. Мындай машинелерди аныктоо боюнча рейд баардык облустарда улантылмакчы.
Өкмөт нааразы тараптын талаптары тууралуу комментарий бере элек. (NT)
Дагы караңыз
Референдумга карата беш үгүт тобу катталдыПрезидент Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардан кабар алдыНовиков: Кыргызстанда ар бир төртүнчү мектепте таза суу жок USAID: Баткен, Жалал-Абадда балдардын 90% туура эмес тамактанат Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга мектеп, оорукана куруу маселеси көтөрүлдү