Өзгөндө белгисиз адамдар үч кишини атып кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

19-мартка караган түнү Өзгөн шаарында автоунаада бараткан кишилерге куралдуу кол салуу катталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Анда айтылгандай, окуя шаардын Ленин көчөсүндө болгон. Жолдун четинде токтоп турган «Хонда Инспайер» үлгүсүндөгү машинеде отурган үч кишиге таңга жуук, саат 03:15 чамасында белгисиз адамдар ок чыгарган.

Кол салуудан улам 31 жана 21 жаштагы эки жаран оор жараат алып, ооруканага бараткан учурда каза болгон. 31 жаштагы дагы бир жарандын абалы оор.

Жабырлануучу Өзгөн райондук аймактык ооруканасында жатат.

Кылмышка шектүүлөр окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Аларга издөө жарыяланды. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.

25-февралда Бишкекте түнкү клубдун ди-джейин белгисиз бирөөлөр атып кеткен. 6-февралда Нарын шаарында жергиликтүү тургунду көчөдө атып атып салса, 13-январда Кара-Кулжа районунда милициянын эки кызматкерин белгисиз адамдар аткан. (ErN)

Дагы караңыз

COVID-19: Бир суткада эки бейтап кайтыш болду, вирус 96 кишиден табылдыНовиков: Кыргызстанда ар бир төртүнчү мектепте таза суу жок Тажикстанда күйүүчү май кымбаттадыПутин Байденди түз эфирде жолугууга чакырды USAID: Баткен, Жалал-Абадда балдардын 90% туура эмес тамактанат