Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

COVID-19: Бир суткада эки бейтап кайтыш болду, вирус 96 кишиден табылды


Кыргызстанда пандемияда жарандардын дене табын текшерүү учуру. Чүй облусу. 2020-жыл.
Кыргызстанда пандемияда жарандардын дене табын текшерүү учуру. Чүй облусу. 2020-жыл.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус Бишкекте дагы эки бейтаптын өмүрүн алды.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 19-мартта билдиргендей, бир суткада вирус 96 кишиден жаңы аныкталды.

Акыркы күндөрдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1487 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 239 киши болду. Анын 84 084ү айыгып чыкты.

Азыр 400 киши ооруканаларда жатат. Анын 20сынын абалы өтө оор, 108 кишинин акыбалы оор деп бааланган. 272 бейтаптын абалы орто оордукта. 324 адам үй шартында дарыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG