Жаңы бийликтин доору. Активисттердин камалышы

Иллюстрациялык сүрөт. 5-октябрь, 2020-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен Тилекмат Кудайберген уулу бир айга №1 тергөө абагына камалды. Ал Жетим-Тоонун казылышына жана Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршы чыккандардын бири. Бул бийликке сын айткан активисттерге кысым болуп жатабы деген талкууну күчөттү.

“Мен эмес, хакер жазды”

Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу Кылмыш кодексинин «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык» жана «Массалык башаламандык» деген эки берененин негизинде айыпталууда.

Анын жактоочусу Амантур Абдрахмановдун айтымында, соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы “Тилекмат Кудайберген уулунун "Фейсбуктагы" билдирүүлөрүндө бийликти басып алууга чакырыктын белгилери бар” деп чыккан.

«Кудайберген уулу тергөөнүн жүрүшүндө «Фейсбуктагы» билдирүүлөрдү өзү жазбаганын айтууда. Ал «Садыр Жапаров деле «Фейсбуктагы» баракчасын белгисиз бирөөлөр бузуп кирип, билдирүү жазып салганын айтып жатпайбы. Меники деле ушундай болду» деп жатат. Тилекматты кармоо алдында аны алдап, адвокаттын катышуусуз кайсы бир көрсөтмөлөргө кол койдуруп алышыптыр. Ал азыркы учурда алгачкы көрсөтмөлөрүнөн баш тартты. Тергөөнүн мындан башка далили жок», - деди жактоочу.

Дагы караңыз Бийликти сындаган активист бир айга камалды


Тилекмат Кудайберген уулу бир айга № 1 Тергөө изоляторуна камалды. Ал сот залынан чыгып баратып нааразылык иретинде ачкачылык кармай турганын билдирген. Азыркы учурда активист ачкачылык акциясын улантып жатканы же токтоткону белгисиз.

Амантур Абдрахманов кошумчалагандай, Тилекмат Кудайберген уулу өзүнө тагылып жаткан айыптарга макул эмес. Анын социалдык тармактагы баракчасынан бийликтин кадамдарын сынга алган билдирүүлөр көп кездешет. 14-мартта “Туугандар, достор, өзүбүздү кыйнабай, Садыр Жапаровдун кетишин сураналы” деп башталган пост жазылган.


Юрист Эржан Сулайман камакка алынган Тилекмат Кудайберген уулунун социалдык баракчасына жарыяланган билдирүүлөрүндө мыйзам бузуу жок деп эсептейт.

Эржан Сулайман

«Экспертиза өз ишин жүргүзүп жаткан учурда сөзсүз түрдө сөз эркиндигин, адамдардын укугун эске алышы керек. Тилекматтын постторунда түздөн-түз айтылган эч нерсе жок. Мисалы, “Бандиттер, кайра түрмөгө кайтып келгиле” деп жатат. Бул жерде бийликти басып алууга чакырык бар деп ким айтат? Анан Кудайберген уулунун билдирүүлөрүндө “импичмент” деген сөз көп кездешет. Импичмент – саясий жана укуктук процедура да. Аны талап кылуу мыйзам бузууга жатпайт. Интернетте андан беш бетер нерселер айтылып жатпайбы. Мисалы, “Бейөкмөт уюмдун мүчөлөрүн өлтүрүп салыш керек” деген сөздөр айтылууда. Ага эч ким чара көргөн жок. Бул иште саясий мотив көп болуп жатат».

Тилекмат Кудайберген уулу дээрлик он жылдай убакыттан бери активист катары белгилүү. Ал өлкө лидери Садыр Жапаров Нарындагы Жетим-Тоо кенин иштетүү демилгесин көтөргөндөн кийин кенди коргоо кыймылын түзүп, аны өзү жетектей баштаган.

Кудайберген уулу соңку учурларда “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу байма-бай түз эфирге чыгып, кымбатчылык, чек ара маселеси боюнча бийликтин дарегине сын айтып жаткан.

9-мартта болсо Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митингди алып барган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова интернет колдонуучуларынын жоопкерчилигине токтолду:

Азиза Абдирасулова

«Тилекмат Кудайберген уулун патриот, элим деген жигит катары тааныйм. Ошол эле учурда “Фейсбукка” каалаган пикирди жаза берсе болот деген жаңылыштык. Анткени аталган социалдык тармакты көп адам колдонот. Ойлонуп, айткан сөзүбүз бул - пикирби же чакырыкпы деген суроого жооп беришибиз керек. Кудайберген уулу “12-апрелде бийликти кууп чыгабыз” дегендей маанидеги пост жазган. Ал датасын дагы айтып жатпайбы. Пикирди түрдүү жол менен, салмактуу жол менен да билдирсе болот да».

Шектелүүчүнүн атасы Кудайберген Куренов баласы 2013-жылы Кумтөр кенин мамлекеттештирүүнү талап кылган митингдерге катышканын айтты.

Ал акцияларды азыркы президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов уюштурган.

“Артыбыздан түшкөндөр көбөйдү”

Тилекмат Кудайберген уулу кармалган 15-мартта анын үйү, ал мүчөлүк кылган «Ханституцияга каршы» борборунда да тинтүү болду.

16-мартта “Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын активдүү мүчөсү Бекмурат Ооган уулун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кармашып, суракка алышты. Кийин анын бошотулганы маалым болду.

17-мартта «Баштан башта!» кыймылынын лидери Улан Үсөйүндү үйүнүн жанынан жол инспекторлору артынан келип токтотуп, наркологиялык борборго барууну сунушташкан. Ал жерден активист ичимдик ичип же ичпегени, наркотикалык каражаттарды колдонгону же колдонбогону боюнча текшерүүдөн өткөн. Жыйынтыгында Улан Үсөйүн таза чыккан. Ал эми жол инспекторлору өз кадамын активист мас абалында рулда бараткандай көрүндү, деп түшүндүрүшкөн.

26-февралда болсо юридика илимдеринин доктору, конституциялык реформаны мыйзамсыз деп айтып келе жаткан Сания Токтогазиева өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган адам аны үйүнө издеп барганын билдирген.

«Ханституцияга каршы» борборунун төрагасы, саясатчы Жеңиш Молдокматов бийликтин активисттерге кысымы башталганына көп болгонун айтып, себебин мындай деп жоромолдоп жатат:

Жеңиш Молдокматов

«​Биздин Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршы чыккандан бери аңдып жатышат. Артыбыздан түшүп алышты. Бул эми бардык бийликтин учурунда эле болуп келген. Эмнеге бийликтин кемчилигин айткан Кудайберген уулу камалат дагы, “шоу” менен кармалган депутат Дүйшөн Төрөкулов бошоп кетет? Себеби анын добушу бийликке керек болду. Тилекматты эмнеге бир айга камады? Анткени 11-апрелде шайлоо өтөт. Бийлик Конституцияны тынч кабыл алууну көздөп жатат. Жакында президент Садыр Жапаров Кытайга барат. Ал жерде Жетим-Тоо маселеси каралышы мүмкүн. Бирок Тилекматты камап койсо эле бүтүп калбайт да. “Жетим-Тоону коргоо” кыймылы күчүндө, ага Нарындагы 11 айыл өкмөттүн активдүү жарандары мүчө»​.

Ал арада “Бүтүн Кыргызстан”, “Реформа” жана “Ата Мекен” партиялары активисттердин кармалышына жана аларга болгон басымга карата расмий билдирүү таратышты.

Ал жерде мындай кадамдар адам укугун баалаган Кыргызстанды курганга залакасын тийгизе турганы жазылган. Ушундай эле пикирди айрым Жогорку Кеңештин депутаттары, саясатчылар карманып турушат.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына бийлик жана күч органдарынын жетекчилери өткөндөн сабак алышы керектигин жазып чыкты.

Феликс Кулов

«Атайын бөлүктүн кызматкерлерин тинтүү үчүн жибергидей активисттер бандит эмес. Аэропорттогу Өмүрбек Текебаевди кармоо учуру эске түштү. Анда бир саясатчынын кармоо үчүн УКМК өздүк курамын толугу менен алып барып күлкү болгон. Төртүнчү төңкөрүш учурунда ИИМдин жана УКМКнын жүздөгөн кызматкерлери жабыр тартты. Буга кээ бир кызматкерлердин укуктук башаламандыгы жана алардын ашыкча катуулугу себеп болду. Мындайлардын айынан элдин күч органдарына болгон ишеними төмөндөп жана жалпы кызматкерлерге дагы кесепетин тийгизди. Андыктан ИИМдин жетекчилиги өткөн кемчиликтерден туура чечим чыгарып, элдин ишенимин кайтарышы керек»​.

15-мартта президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсу маалында Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге жана активисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын айткан эле.

«Эгерде саясий куугунтук боло турган болсо Абдил Сегизбаев эле эмес, мени менен кошо президенттик шайлоого 15-16 талапкер чыкты. Андан тышкары көчөгө чыгып митинг кылып деле кыйкырып жатышат. Саясатчысы деле, саясатчы эмеси деле кыйкырып атат. Биз бирөөнү да куугунтуктаган жокпуз. Же мурдагыдай журналисттерди куугунтуктаган жокпуз. Мурда Сыргак Абдылдаевди сайып кеткен, колу-бутун бууп көп кабаттуу үйдөн ыргытып жибергендери, камалгандары барбы? Азыр эч нерсе болгон жок да», - деген эле Садыр Жапаров.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Садыр Жапаров: Кыргызстан демократиялык мамлекет бойдон калат

Бир катар кыргызстандык укук коргоочулар февралдын этегинде президент Садыр Жапаровго кайрылып, оппозициячыл маанайдагы жарандарды куугунтуктоого жол берилбестиги боюнча позициясын ачык билдирүүгө чакырышкан.

Алар жарандык активисттерди кысымга алуу боюнча акыркы окуяларга тынчсыздануусун билдирип, алар тез арада териштирилиши керектигин билдиришкен.