Мурас-Ордо конушунда өспүрүмдүн өлүмүнө шектелип анын агасы кармалды

Мурас-Ордо жаңы конушу

Мурас-Ордо жаңы конушунда 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шек саналып, анын агасы кармалды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди:

"Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 17-мартта түшкү саат 12:40тар чамасында маркумдун энесинен телефон чалуу болгон. Милиция барганда 13 жаштагы өспүрүм моюнунан, ичинен жаракат алып, көз жумганы аныкталган. Ал талма оорусу менен жабыркагандыктан, дайыма жанында жакындары карап турган. 17-мартта 16 жаштагы агасы менен үйдө калган. Милиция барганда ал үйдө жок болуп чыккан. Айылга жакын жердеги талаадагы камыштын арасында жашынып жаткан жеринен табылды".

Милициянын маалыматына караганда, шектүү ага-ини ортосунда кайым айтышуу болгонун айтып, кылмышты моюнга алган.

Окуя боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча сотко чейинки иликтөө башталды. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. (BCh)

Дагы караңыз

Зайырбек Ажыматовдун өмүр таржымалы тууралуу спектакль көрүүчүлөргө тартууланды“Нооруз 2021” көк бөрү мелдеши башталдыКыргызстанда коронавирус катталганына бир жыл болдуКамактагы франциялык бизнесмендин иши Биринчи май райондук сотунда 18-мартта каралат