Чет өлкөлүк ишкердин соту 18-мартта башталат

Кыргызстандагы абактардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги La Maison ресторанынын кожоюну Филипп Лаффорг Кыргызстанда алдамчылыкка шектелип кармалган. Анын сот иши 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башталат. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Кыйноолорго каршы республикалык борбордун маалыматы боюнча Филипп Лаффорг - Франциянын жараны. Ал Бишкекте 2020-жылдын 28-декабрында Жазык кодексинин 204–беренеси (“Алдамчылык) менен шектелип кармалган. Учурда №1 тергөө абагына жатат.

Ички иштер министрлиги бул иш боюнча кененирек маалымат берген жок. (TSh)

Дагы караңыз

Министр: Коронавирус илдети күчөсө, чектөө болушу мүмкүнАКШ Кыргызстандын Ирактан балдарды алып келгенин кубаттадыMуфтияттын башкы эсепчиси үй камагына чыкканы белгилүү болдуМилиция журналисттер менен активистке карата коркутууларды териштире баштады"Мегаком" компаниясынын башкы директору алмашты