АКШ Кыргызстандын Ирактан балдарды алып келгенин кубаттады

Ирактан алып келинген балдар. Бишкек. 16-март, 2021-жыл.

Америка кыргыз өкмөтүн Ирактан 79 баланы мекенине кайтарып келгенин кубаттады. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматта айтылат.

“Кыргыз өкмөтү кайтып келген балдарга жардам берүү жана аларды тезинен калыбына келтирүү, элине кайра кошуу менен коопсуз жана бейпил жашоого кайтуу боюнча бардык чараларды көрүү боюнча милдетин моюнуна алгандыгы үчүн мактоого арзыйт”, - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

АКШ элчилигинин билдирүүсүндө Борбор Азия мамлекеттери башка өлкөлөргө салыштырмалуу Сирия жана Ирактан өз жарандарын мекенине көбүрөөк кайтарып алып келгенин белгилеп, дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдү үлгү алууга чакырды.

Ирактан 79 бала «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында Кыргызстанга кайтарылды. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, кыргызстандык жарандардын балдары түшкөн атайын учак 16-мартта Бишкекке келди. Аларды кайтарууга Кыргызстандын бийлиги, Кувейттеги элчилик жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жардам берген. Балдарды Иракта калган энелеринин уруксаты менен алып келишти.

Өкмөт Ирактан 79 баланы алып келди

Маалыматка караганда, эми алар реабилитациядан өткөрүлөт. 2021-жылдын февралында Иракка Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирген жумушчу топ жөнөтүлгөн. Өкмөт Сириядагы жарандарды да алып келүү үчүн учак жөнөтө турганы 10-мартта белгилүү болгон. Ал аракет качан ишке ашары айтылган эмес.

Буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Сирия менен Ирактагы жарандарын жана алардын балдарын алып келген. Качкындардын көпчүлүгү Сириянын түндүк-чыгышындагы Эл-Хасака аймагында жайгашкан “Аль-Хол” лагеринде жашап жатканы кабарланган.

11 миң адамга эсептелген бул жайда азыр 73 миң качкын бар, алардын 94% аялдар жана балдар. Кыргызстандан кетип, Сирия менен Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөн кыз-келиндердин көпчүлүгү күйөөсүн ээрчип баргандар экенин 16-февралда диний радикализмдин алдын алуу боюнча иштеген «Азия Групп» фонду билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. (TSh)

Дагы караңыз

"Мегаком" компаниясынын башкы директору алмаштыМинистрлик: Интернетте тарап жаткан жөлөк пул боюнча маалымат жалганАктивист Кудайбергенов бийликти күч менен басып алууга шектелүүдөИрактан 79 баланы Кыргызстанга алып келиштиБайсалов: Өкмөт программаларды ишке ашырууда позициясынан кайтпаш керек