Кыргызстандын өкмөтү Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө келишимге 16-мартта кол койду.
Өкмөттүн маалыматына караганда, фонддун штаб үйү Бишкек шаарында жайгашат. Аны фонддун кеңеши жана башкармалыгы башкарат.
Аталган фонд өлкө аймагында катталган жана иш жүргүзгөн чарба субьектилерине насыя берип, капиталга катышуу жана башка финансылык инструменттерди пайдаланат. Муну менен Кыргызстандагы агроөнөржай, тигүү жана текстил, кайра иштетүү, тоо-кен өндүрүү жана металлургия, транспорт, турак-жай курулуш, соода, энергетикалык комплекс, инфраструктураны, туризмди жана ишкерликти өнүктүрүү багытындагы өзүн-өзү актай турган долбоорлорду каржылайт.
Өлкө аймагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдар, корпорациялар жана өнүктүрүү институттары менен иштешет. Анын уставдык капиталы 50 миллион долларды түзөт.
Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга президент Садыр Жапаровдун 11-12-мартта Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында кол коюлган. (NT)
Дагы караңыз
"Мегаком" компаниясынын башкы директору алмаштыАктивист Кудайбергенов бийликти күч менен басып алууга шектелүүдөМинистрлик: Интернетте тарап жаткан жөлөк пул боюнча маалымат жалганCOVID-19: Кыргызстанда вирус жугузгандар кайра көбөйдү