Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги социалдык тармактарда жана WhatsApp мессенжерлеринде “үч же андан ашык баласы бар үй-бүлөлөргө үч миң сомдон жөлөк пул берүү боюнча буйрукка президент кол койду” деген маалымат чындыкка туура келбейт деп билдирди.
Министрлик жарандарды жалган маалымат таратып, коомчулукту адаштырбоого чакырды.
Ушул тапта интернетте 3 баласы бар үй-бүлөлөргө жөлөк пул катары 3 миң сомдон мамлекет тарабынан жардам берилип, автоунаалардын айып пулдары азайтылганы жөнүндө буйрук чыкканын айткан бейтааныш аялдын видеосу тарап жатат.
Бүгүнкү күнү жашы жете элек балдардын жөлөк пулу 810 сом, ал эми мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга ай сайын 2000-4000 сом жөлөк пул берилет. Расмий маалыматтар боюнча 810 сом жөлөк пул алган балдардын саны 210 миңден ашуун. (TSh)
Дагы караңыз
Байсалов: Өкмөт программаларды ишке ашырууда позициясынан кайтпаш керекБлогер Элмир Сыдымановго сот чечими 24-мартта чыгатСадыр Жапаров: Камбар-Ата-1 ГЭСин үч жылда куруп бүтөбүзАктивист Кудайбергенов бийликти күч менен басып алууга шектелүүдөӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиCургутта балдары өрттөн чарчап калган келиндин абалы оор экени айтылдыТер-Петросян Армениянын премьер-министрин тез арада кызматтан кетүүгө чакырдыCOVID-19: Кыргызстанда вирус жугузгандар кайра көбөйдү