Баткен облусундагы акимдерди жана алардын орун басарларын кайра баалоонун жыйынтыгында Баткен районунун акими Акылбек Орозов 60 суроонун 29уна туура жооп берип, экинчи турга өтпөй калды.
Анын биринчи орун басары Адыбек Набиев, экинчи орун басары Кишимжан Кыдырова кийинки баскычка өтүштү.
Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары, акимдин милдетин аткаруучу Абдыманнап Жакпаров аттестациядан өтүүдөн баш тартты. Акимдин экинчи орун басары Мээринса Асанова экинчи турга өттү.
Лейлек районунун акими Бекмурат Баймуратов биринчи баскычтан өтүп, экинчисинен кулап калды.
Анын биринчи орун басары Абдирашит Ташбалтаев, экинчи орун басары Максатай Керимбердиева экинчи турга өттү.
Баткен облусунда үч район бар. Үчүнчүсү - Кадамжай районунда акимдин кызмат орду бош турат.
Район жетекчилерин кайра баалоо 11-мартта Нарын облусунан башталган. Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев жетекчилик кылган комиссия акимдер жана анын орун басарлары жөнүндө өкмөттүн ошол облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн, милициядан, атайын кызматтан жана жарандык коомдон алынган маалыматтар менен таанышып, маектешүү өткөрөт.
Ага чейин акимдер район жетекчилерине тиешелүү мыйзамдар камтылган тест тапшырат.
2016-жылы өзгөргөн Баш мыйзамга ылайык, акимдерди тандоо, дайындоо, кызматтан алуу өкмөт башчыга берилген. (JsA)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров: Cаясий куугунтук болбойтНизом ава кыргыз-тажик достугунун чыныгы данакери элеШайлоо: 45 мандатты 1820 киши талашатЕвропа AstraZeneca вакцинасынан күмөн санап туратОрусия: "Муниципалдык депутаттар" убактылуу кармалды"Вагнерчилерге" доо коюлдуКазакстандык диджей Grammy сыйлыгын алды