Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндө аптанын мыкты футболчусу болду

Гүлжигит Алыкулов. 2019-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жана Казакстандын «Кайрат» футбол клубунун жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндө аптанын мыкты фотболчусу болду.

Бул тууралуу маалымат Азия футбол конфедерациясынын (АФК) расмий сайтына жарыяланды. Ушул эле кабарды Кыргыз футбол союзу социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырды.

14-мартта аяктаган сурамжылоонун жыйынтыгында 10 футболчунун ичинен Гүлжигит Алыкулов 44,39% добуш алып биринчиге чыкты. Ал эми Орусиянын «Зенит» клубунун ирандык футболчусу Сардар Азмун 22,42% добуш топтоп, экинчи сапка жазылды.

Казакстандын «Кайрат» клубунда ойногон 20 жаштагы кыргызстандык футболчу буга чейин Түркия менен Беларуста ойноп келген. Гүлжигитке күйөрмандар «Кыргыздын Мессиси» деп каймана ат койгон. (BTo)

Дагы караңыз

Шайлоо: 45 мандатты 1820 киши талашатСадыр Жапаров: Cаясий куугунтук болбойтКазакстандык диджей Grammy сыйлыгын алдыРеферендум дайындалды, талаш бүтө элекШайлоого жакын жаңырган "халифат" кыялы