Сургутта өрттө чарчап калган эки баланын сөөгү Кыргызстанга жиберилет

Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Сургут аймагында менчик үйдөн чыккан өрттө чарчап калган 5 жана 8 жаштагы эки баланын сөөгүн 16-мартта Кыргызстанга жиберишет. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Югра аймагында жарыяланган "Ugra news" порталынын маалыматына караганда Сургуттагы "Здоровье" кооперативинин Бурсничная көчөсүндө жайгашкан үйдөн 11-марттын таңында өрт чыккан.

Өрттөн беш жана сегиз жаштагы бир кыз, бир уул уктап жаткан бойдон жан берген.

Окуя боюнча кылмыш иши ачылып, өрттүн себептери иликтенүүдө.
Кыргызстандан Орусияга иш издеп кеткен жарандардын расмий саны 600 миңден жогору.

Бейрасмий бир миллиондон ашуун мигрант бар экени айтылып келет. (BCh)

Дагы караңыз

Нидерланддар AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөнү убактылуу токтоттуСот коргоо министринин мурдагы ишин эскерттиСуваналиев: Баткенде чек аранын жабык турганына кызыкдар күчтөр бар (видео) Суваналиев: "Сох анклавынан коридор болбойт"16-мартта кар жаап, жолдор тайгак болотКазакстандык диджей Иманбек Зейкенов Grammy сыйлыгын алды«Кыргызстан» фракциясын Бейшеналы Нурдинов жетектей баштадыБишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан эки адам каза болду