Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:39

Нидерланддар AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөнү убактылуу токтотту


Нидерланддар коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен өз жарандарын эмдөөнү убактылуу токтотконун жарыялады. Буга чейин мындай чечимди Ирландия, Дания, Норвегия, Болгария жана Таиланд кабыл алган болчу. Буга вакцина менен эмделген айрым адамдардын тамырында тромб пайда болгону боюнча маалыматтар себеп болду. Бирок AstraZeneca компаниясы жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул маалыматтар далилдене электигин айтып, вакцинадан баш тартпоого чакырган.

Нидерланддардын бийлиги коңшу Дания, Норвегиядан келип түшкөн маалыматтарга таянып, вакцинаны колдонууну ушул айдын аягына чейин токтотконун билдирди. Ал эми норвегиялык адистер жакында эле AstraZeneca менен эмделген үч медкызматкер кан-тамыр оорусунан улам дарыланып жатканын кабарлады.

Ал ортодо АКШнын Нью-Йорк шаарында коронавирус катталганына бир жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү. Пандемия 30 миңден ашык адамдын өмүрүн алган шаардын мэри Билл де Блазио коронавирустун курмандыктарынын саны Экинчи Дүйнөлүк согушта, Вьетнамдагы согушта, 2001-жылдагы терактта жана «Синди» бороонунда көз жумган ньюйорктуктардын санынан ашканын билдирди.

XS
SM
MD
LG