Жерүйдөгү фабриканын ачылышына Жапаров барат, Путин онлайн катышат

Жерүй алтын кени. (Фото архивден)

Президент Садыр Жапаров 17-мартта Таластагы «Жерүй» кениндеги алтын иштетүү фабриканын ачылышына барат. Ачылышка Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Азаттыкка» билдирди.

Таластагы «Жерүй» алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар экени кабарланган.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Ишкананын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

2020-жылдын октябрь айындагы башаламандык маалында аталган кенге белгисиз адамдар кирип барып, имаратын талкалап, өрттөп кетишкен. Ишкананын жетекчилиги анын кесепетинен кеминде 10-15 млн. доллар зыян тартканын билдирген. (TSh)

Дагы караңыз

Бишкекте талаптары башка эки акция өттү Министр: ӨКМ аскерлеринин арасында ашыкча салмактуулар көпПрезиденттин басма сөз катчысы Сох анклавы жана Үңкүр-Тоо аймагы боюнча кайра маалымат таратты Мелис Мырзакматов: Ошто шайлоо таза өтпөйтБШК жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнө 179 ЖМКны каттадыБирмада аскер огунан кеминде 18 адам мерт болгону кабарландыТөө-Ашууда бир нече чакырымга созулган автотыгын пайда болду«Мекеним Кыргызстан» партиясын негиздеген Айбек Осмонов депутаттык мандат алды